Ала-Бел жана Төө-Ашуу ашууларында кар жааганына байланыштуу 3-октябрда саат 21:00дөн тарта Бишкек-Ош унаа жолунун 271-чакырымында (Арал посту) оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чек коюлду.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Ошол эле учурда жеңил унаалар тоскоолдуксуз жүрүп жатат. Алыс жолго аттанган айдоочулар жолдун ачылышы тууралуу маалыматты «112» номеринен билсе болот.