Биз менен байланышыңыз

Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде биринчиге чыкты

Кыска кабар , Спорт | 3 Окт 2022 | 1656 | 0

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинин сап башына чыкты. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтына жарыяланды. 

Шаршенбеков 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча рейтингде 55 миң упай менен экинчи орундан биринчиге көтөрүлдү. Ал эми Акжол Махмудов 77 кг салмакта 55 миң упай менен үчүнчү саптан экинчиге чыкты.

Мындан сырткары, Тынар Шаршенбеков 63 кг салмакта 7-орунга, Амантур Исмаилов 5-орунга көтөрүлдү.

Ошондой эле эркин күрөш боюнча Арсалан Будажапов 79 кг салмакта экинчи орунга көтөрүлсө, Эрназар Акматалиев 70 кг салмакта 2-орунга, Улукбек Жолдошбеков 61 кг салмакта 8-орунга түшүп калды.

Быйыл 10-18-сентябрда Сербиянын Белград шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өткөн. Анда Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болушкан. Бул мелдештен кийин дүйнөлүк рейтинг жаңыланган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM