Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы: Үй жана батирин ижарага бергендер салык төлөшү керек

Кыска кабар | 3 Окт 2022 | 782 | 0

Батирди же үйдү ижарага берген жеке жактар мыйзамдарга ылайык салык төлөшү керектигин Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өз алдынча тандайт. Салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы) же жалпы салык режиминин негизинде төлөөгө болот.

Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы мүлктү ижарага берген жарандарды өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жана тиешелүү салыктарды төлөөгө чакырат.

Жарандар салык төлөбөй турак жайды ижарага бергендер тууралуу фактыларды (0312)613189, (0779)613189 (Whatsapp) ишеним телефону аркылуу жана 116 номери боюнча билдире алат, ошондой эле аймактык салык органдарына кайрылууга болот.

Салык төлөбөгөндүгү аныкталган учурда жеке жакка карата мыйзамдарга ылайык чара көрүлөт.

2022-жылдын 8 айында батирди же үйдү ижарага бергендер патенттин негизинде 33,9 млн сом өлчөмүндө салык төлөшкөн. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 млн сомго көп.

Ошол эле учурда Салык кызматы турак жай ижарасына карата бааларды жөнгө салууга ыйгарым укугу жок экендигин билдирет.

Юристтен кеңеш: Кожоюн батирден чыгарып салса, эмне кылуу керек?

Copyright © 2017 Maral FM