Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жол тармагын башкаруу системасындагы мамлекеттик саясат талкууланат

Кыска кабар | 2 Окт 2022 | 237 | 0

Бишкекте 3-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердүүлүгүнө арналган “Жол активдерин башкаруу системасындагы мамлекеттик саясат” деген темада тегерек стол өтөт.

Иш-чарага Президенттин аппаратынын, Жогорку Кеңештин, Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун, Жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу ассоциациясынын, эл аралык каржы институттарынын, ошондой эле академиялык чөйрө, бизнес жана эксперттик коомчулук катышат.

Жыйында жол тармагын башкаруу системасын реформалоо, 2022-жылга карата өндүрүштүк көрсөткүчтөр, Жол фондунун иши жана тараптардын өз ара аракеттенүү эрежелери, жол тармагын өнүктүрүүнүн пландары тууралуу маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM