Биз менен байланышыңыз

Карыларына өзгөчө кам көргөн 6 өлкө

Блог | 1 Окт 2022 | 381 | 0

1-октябрь дүйнөдө Карылардын эл аралык күнү болуп белгиленет. Бул күнгө карата, биз сиздерге дүйнөдө карыларына өзгөчө кам көргөн өлкөлөр тууралуу маалыматтарды топтодук:

Норвегия

Интернет булактарындагы маалыматка ылайык, бул өлкөдө ички дүң өнүмдүн кирешеси ар бир улгайган адам үчүн жылына 78 000 доллардан туура келет. Ошого карабай, мамлекет карыялардын ден соолугун текшерүүсүнө, дарылануусуна кеткен чыгымдардын 90%ын төлөп берет. Карыларды камкордукка алууда бардык жагдай эске алынып, Норвегиянын эң четки айылдарында да дарылардын бардык түрүн камтыган аптекалар ачылган.

Ал эми норвегиялык пенсионерлер карылар үйүнө түшүп калуудан эч коркпойт. Тескерисинче, жалгыз калган карылар бул стационарларга өз каалоосу менен барат. Ал жерде сапаттуу тамак-аш, камкордук баары каралган. Айрыкча, карылар үйүнүн жашоочуларына жылына бир жолу Испания же Италиянын курортторуна жолдомо да берилет.

Швейцария

Швейцариядагы карыялардын жашоо деңгээлин билүү үчүн, алардын ортого жаш узактыгын кароо жетиштүү. Тактап айтканда, бул өлкөдө орточо жаш узактыгы 90 жаш. Мындан улам бул өлкөдө пенсияга чыгуу тыныгууга кетүү эмес, башка активдүү ишмердүүлүккө өтүү катары бааланат.

Швейцариядагы көпчүлүк карыялар пенсияга чыккан соң жаңы кесиптерди өздөштүрүп, жеке бизнесин ача баштайт. Айрымдары экинчи жогорку билим алууга киришсе, айрымдары коомдук, социалдык иштерге кол кабыш кылат. Кыскасы, швейцариялык карыялар өзүн чектебей, тескерисинче, жаш кезинде жетпей калган кыялдарын ишке ашырууга киришет.

Люксембург

Кичинекей Люксембург (бул өлкөнүн аймагын бир канча саат ичинде кесип өтүүгө мүмкүн) – дүйнөдө эң мыкты жана кынтыксыз саламаттыкты сактоо тармагына ээ. Бул өлкөдөгү орточо жаш узактыгы 80 жаш.

Бул өлкө Испания, Франция, Бельгияга өтө жакын жайгашкандыктан, карыялар ал өлкөлөрдөгү эң заманбап курорттордо эс алууга мүмкүнчүлүгү жогору. Люксембургдун карыялары аларга жакшы төлөнгөн пенсиядан улам өздөрүнө эң сапаттуу эс алууларды уюштуруп, кымбат ресторан жана кафелерде тамактана алышат. Дагы бир өзгөчөлүгү Люксембургдун карыялары саркеч кийингени менен айырмаланат.

Швеция

Швециянын пенсиялык саясаты жана карыларга камкордугу — дүйнөдөгү эң мыкты системалардын бири. Анда пенсия айлыктын 80%ына чейин түзүп, пенсионерлер орточо 2000 доллар пенсия алат.

Ал эми айлыгы аз жумушта иштегендер үчүн мамлекет минималдуу пенсия кепилдигин берет. Анда пенсионер жубайларга ар бирине $1050 доллар чегерилсе, жалгыз бой карыялар үчүн 1180 доллар. Андан сырткары карыялар үчүн жашаган жердин акысы жана коммуналдык кызматтардын төлөмү 93% мамлекеттен камсыздалат.

Ошондой эле Швецияда карыялар үчүн өнүктүрүүчү борборлор, атайын клуб жана ийримдер бар. Алардын көпчүлүгү акысыз же символикалуу түрдө гана төлөмдөрү бар.

Австралия

Бул мамлекетте 65 жашка чыккан ар бир жаран үчүн мамлекет пенсия төлөөнү гарантияга алган. Пенсионерлер үчүн бир топ жеңилдиктер каралып, медициналык тейлөө акысыз, ал эми дары-дармектерге көптөгөн арзандатуулар бар. Бул өлкөдө мамлекеттик пенсия орточо ар бир адамга 980 долларды түзөт. Ал эми жалгыз бой карыяларга 1100 доллар. Мындан сырткары жеке пенсиялык чегерүүлөр өзүнчө эсептелет.

Австралияда Aged Life Care мамлекеттик программасы карыялардын жашоо деңгээлин жакшыртуу үчүн иш алып барат. Алар карыялардын укугун коргоп, мамлекеттик камкордук текши жетишин камсыздайт.

Дагы бир кызыктуу факт: Австралияны номиналдуу түрдө башкарган Англия королу өлкөдөгү 100 жаштан ашкан жаранга персоналдык куттуктоосун жиберет.

Япония

Японияда жашы 100дөн ашкан 40 миңден ашуун карыя бар. Бул өлкөдө жарандар 65 жаштан баштап пенсияга чыгат.

Япониядагы пенсиянын орточо көлөмү өтө чоң эмес. Бирок бул өлкөнүн карыялары активдүү жашоо образын тандап, жаңы кесип, жаңы тилдерди үйрөнүүнү баштайт. Мисалы сүрөт тартуу курсуна катталат же тамак бышыруучулукка окуйт. Андан сырткары жапон карыялар дүйнөдө эң көп саякаттагандардын тобуна кирет.

Кыргызстан тууралуу:

Кыргызстанда 713 миң пенсионер бар. Алардын ичинен жарымы (49%) жашоо минимумунан төмөн өлчөмдө пенсия алат. Ал эми расмий маалыматтар боюнча, эркектердин пенсиясы аялдардыкынан (айына 5410 сом) бир аз жогору (айына 6162 сом). Орточо пенсиянын эң чоң ажырымы Бишкек шаарында катталган, мында аялдардын пенсиясы эркектердикинин 88%га жакынын түзөт.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров ушул жылдын 1-октябрынан тарта пенсияны жогорулатуу боюнча чечим кабыл алган.

Буга чейин пенсия өлчөмү орточо эсеп менен 200-300 сомго көтөрүлүп келсе, эми өлкө боюнча пенсия өлчөмүн 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүлмөй болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM