Биз менен байланышыңыз

Путиндин КМШ өлкөлөрүнө кайрылуусу: Борбордук Азиядагы абал кооптуубу?

Саясат | 30 Сен 2022 | 1661 | 0

29-cентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин КМШга мүчө өлкөлөрдүн чалгындоо кызматтарынын жетекчилерине кайрылып, геосаясий оппозициялар КМШ аймактарына кандуу кыргын уюштурууга даяр экенин эскертти. Ал мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч келтирген жагдайларды жок кылууга, чек аралардагы абалга көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле ал чалгын кызматтар азыркы болуп жаткан жана келип чыгышы мүмкүн делген коркунучтарга каршы туруу үчүн бири-бирин колдоп-кубатташы зарылдыгын айтты. Борбордук Азияда кандай өзгөрүүлөр күтүлүп жатат? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Орусиянын президенти Владимир Путин КМШ мамлекеттеринин чалгындоо кызматынын жетекчилерине өзгөчө кайрылуу жасап, алардын көңүлүн чек арадагы абалга бурду. Тактап айтканда, КМШ мамлекеттеринин коопсуздугуна коркунуч келтирген жагдайларды жок кылууга чакырды.

«Биздин геосаясий атаандаштарыбыз өз максаттары үчүн жакында баарын, каалаган адамын же каалаган өлкөсүн тобокелге коюп, аны кризис учагына айландырууга, түстүү революцияны козгоп, кандуу кыргынды баштоого даяр. Биз мындай нерселерге бир канча ирет күбө болгонбуз. Эч күмөнсүз,  Ооганстан аймагында жайгашкан эл аралык террорчулар чек аралаш өлкөлөр, анын ичинен КМШ мамлекеттерине байланышкан кылмыштуу пландарды түзүшү мүмкүн».

Путиндин айтымында, КМШ мамлекеттеринин чалгын кызматтары азыркы бар болуп жаткан жана келип чыгышы мүмкүн делген коркунучтарга каршы туруу үчүн бири-бирин колдоп-кубатташы зарыл.

Бүгүнкү күндүн негизги талабы катары чалгын, контрчалгын кызматы бардык ишти адилеттүү, мыйзамдуу, тыкан жана дыкат алып барышы керегин УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстан өзгөчө өзүнүн чек арасы боюнча алдын ала маалыматтарды тактап, анализдеп, коргонуу, сактануу жана жооп берүү иштерин милдеттүү түрдө жогорку деңгээлде карашы зарыл.

«Биринчиден, КМШ мамлекеттерине кирген өлкөлөрдүн чек арасында катташууга учурдагы тобокелчиликтер жана коркунучтар чоң таасирин тийгизет. Андан кандайдыр бир чатак чыкпашы үчүн ошого карата өзүнүн ой-пикирин айтты. Анын кайрылуусу абдан туура. Себеби биз өзүбүз көрүп жатабыз, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда делимитация жана демаркация маселелери чечилбегендиктен көп маселе жолго түшө элек, акыркы кол салуусунан кийин дале болсо өзгөчө кырдаал сакталып турат. Ошондуктан экстремисттик-террордук уюмдар, андан башка ар кандай саясий топтор кандайдыр бир коркунучтарды жаратууга аракет кылышы мүмкүн деген ой-пикирин жалпы КМШ өлкөлөрү менен бөлүштү».

Эл аралык мамилелер боюнча серепчи Кубан Абдымендин баамында, жалпы эле дүйнөлүк масштабда коркунучтуу абал түзүлүп жатат.

«Албетте, чек ара маселеси дале чечилбей жаткан аймактарда коркунуч абдан эле чоң. Болгону азыр КМШ өлкөлөрүндөгү алака мурдагыдай эмес. Мурун бири-бирине жакын болуп, көмөк кылганга барышкан өлкөлөр көп болчу. Азыр ар бири өзүнүн иши менен алек. Азыр КМШ өлкөлөрү гана эмес, Европа Биримдигине кирген өлкөлөр да өз ара тил табыша албай чатак болуп жатат. Мисалы, Арменияны карасак, Азербайжан менен болгон кагылышта Евробиримдик, ЖККУ алар тарапты көздөй басымдуу мамиле кылган жок. Ошондуктан чатак дагы деле уланышы мүмкүн. Чатактын баары аялуу жерлерден башталат. Бул — чек ара маселеси, экономикалык тартыштык жана эки өлкөнүн ортосундагы алаканын дале чечилбей жатканы. Ошондуктан азыркы чакыруулар да бекеринен болбосо керек. Чек ара маселеси абдан маанилүү, биз муну өзүбүздүн башыбыздан өткөрүп жатабыз. Жакшы эле мамиледе жүргөн коңшу өлкө: бир эмес, эки-үч уюмда бирге жүргөн Тажикстан менен алакабыз кандай болуп кетти? Азыр ал чечилүүнүн ордуна кайра тереңирээк кирип, чыңалуу абалына келип калды. Албетте, Путиндин да мына ошондой маселеге көңүл буруп жатканы бекеринен эмес деп ойлойм».

Мурдагы мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу эл аралык абал, анын ичинде Кыргызстандын абалы өтө оор экенин белгиледи.

«Чындыгында, эл аралык абал өтө оор. Орусиянын президенти Путиндин айтканында калет жок. Кыргызстандагы абал андан да оор. 140 миң адамдын үй-жайын таштап чыгып кетүүсү — шумдук нерсе. Бул Тажикстандын агрессиясынан пайда болгон нерсе. Көп өлкө элдин кызыкчылыгын ойлоп, тынчтык жолу менен чечишет. Бирок Тажикстан ага барбай жатат. Ошондуктан биздин чек ара маселебиз өтө оор болуп турат. Бул — бир өлкө үчүн өтө оор нерсе, бир мамлекеттин трагедиясы. Мамлекет үчүн бир кишинин чоочун октон өлгөнүнүн өзү — трагедия».

Мамлекеттин коопсуздук кызматтарында бир канча жыл эмгектенген мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытовдун пикиринде, Путин биринчи иретте өзүнүн атайын кызматына кайрылды. Себеби Орусия ЖККУ, КМШ өлкөлөрүнө башка өлкөлөргө караганда үстөмдүк кылат. Ошондуктан «силер ушул өлкөлөргө да көз кырыңарды салып тургула» деп жатат.

«Экинчи иретте, Орто Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматынын жетекчилерине кайрылып жатат. «Силер чек араңарга көңүл бургула, силерге урулган сокку аягында келип Орусияга да тиет», — деп жатат. Себеби, талиптер Ооганстандын бийлигин басып алды. Бирок алар бийликти толук орното элегин, алдыда дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин катарына кире тургандарын айтты. Ошол эле учурда Хаккани болобу, талибдер болобу, Кабул бийлигине да, башкаларга да баш ийбеген куралданган талаа командирлери бар экенин эскерткен. Мына ушулардын баарын Орусия анализдеп чыгып, Орто Азия мамлекеттерине кайрылганы».

Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчыларынын 25-сентябрдагы жолугушуусунан кийин чек аранын Баткен облусундагы тилкесинде абал турукташып, №42 протокол кабыл алынган. Учурда чек ара аймагында калыбына келтирүү иши уланууда. Президент Садыр Жапаров билдиргендей, Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен аймактарындагы маселелер толук чечилип, бүгүнкү күндө Тажикстан менен чектешкен жерлер гана такталбай, көйгөй жаратып жатат. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 километр чек ара тилкеси бар. Анын 664 километри такталып, дагы 308 километри калган.

Copyright © 2017 Maral FM