Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш Баткендеги акыркы окуя боюнча эл аралык уюмдарга кайрылат

Коом , Саясат | 29 Сен 2022 | 697 | 0
Сүрөт депутат Мирлан Самыйкожонун "Фейсбук" баракчасынан алынды

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешине кайрылуу кабыл алды.

Парламент чек ара көйгөйү боюнча 28-сентябрда өткөн жыйында да маселе көтөрүп, айрымдары бийликти шалаакылыкка айыптаган.

Бүгүнкү жыйында Баткен элинин көйгөйлөрү айтылып, коопсуз аймактарга көчүрүлгөндөргө жетиштүү жардам берилбей жатканы боюнча сөз козголду. Ага президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов жооп берип, Баткенден Бишкекке келип, Кожомкул атындагы спорт ордосуна жайгаштырылган 818 жаранга транспорт бөлүнгөнүн билдирди.

Анын айтымында, 28-сентябрга карата спорт ордосундагы 818 жаран Баткенге кайтышты. Акыркылары бүгүн түнкү 03:00дө жөнөп кетишкен.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев Тажикстандын кол салуусунан каза болгон чек арачылардын балдарына 18 жашка чейинки мамлекеттик камсыздоонун суммасын эки эсе көтөрүү маселесин көтөрдү.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов Баткен облусунун аталышын Манас деп өзгөртүү сунушун киргизди.

«Кыргызстан Баткенден башталат» деп айтып келебиз. Мен бүгүн Баткен облусун Манас облусу деп атоону сунуштап, бир айлык талкууга коёюн деп жатам. Өкмөткө протоколдук тапшырма берет элем, эгерде Баткен облусунун тургундары менин сунушумду колдосо, баатыр атабыздын атын ошол жерге берели».

Депутат Максат Сарбагышев өкмөттүн Баткен облусунда алып барган иштери чабал болуп жатканын сындап, башка аймактардагы айрым иштерди чек ара маселеси чечилгенче токтото турууну сунуштады.

«Өкмөткө бир нерсе айтсаң эле агрессивдүү көз караш менен карайт. Ал жерде бутунда сланцы, үстүндө футболка менен качып жүргөн жарандарыбыз бар экен, ушундай көйгөйлөрдү чечип, чечилбей жаткан маселелерди бул жакка алып келбейби, биз карап бербейлиби?! Керек болсо «башка облустардагы айрым иштерди токтото туруп, чек арадагы маселелерди чечип алалы» деген сунуш берилсе, ушул жерде отурган 90 депутаттын баары колдойт деп ойлойм».

Депутат чек арага жакын жашаган тургундардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча өкмөттүн конкретүү сунуш алып кирүүсүн талап кылды.

Чек арадагы кол салуудан бери бийликтин иш-аракети Жогорку Кеңештин эле эмес, жарандык коомдун да сынына кабылып келет.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева президенттин жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин чек арадагы куралдуу окуя тууралуу эки ача пикиринде атайын кызматтын жетекчисинин позициясы мыйзамсыз экенин айтып, делимитация, демаркация иштерин токтото туруу зарылдыгын белгиледи.

«Менин принципиалдуу позициям бар: былтыркы аскердик агрессия болгон учурда да айткам, делимитация, жерди бөлүштүрүү иштерин токтото туралы. Иликтөө жүргүзүп, тергөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин эки тарап отуруп, кимден күнөө кеткен болсо, жазага тартып, материалдык зыянды толтургандан кийин гана делимитация иштерин баштоо керек. Бирок бүгүнкү күндө андай болгон жок, муну гумандык принциптерди карманбай, мамлекеттин бүтүндүгүн эске албай кылынып жаткан иш деп атап койсок болот».

Юрист Жогорку Кеңеш кол салуу учурун депутаттардан турган атайын комиссия түзүп, иликтөө менен бирге ошол учурдагы коопсуздук кызматынын аракеттерине юридикалык баа бериши керектигин кошумчалады.

22-сентябрда Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаал жөнүндө Министрлер кабинетинин маалыматын жабык эшик артында угушкан. Жыйынтыгында депутаттар Баткен облусунун тургундары менен жолугуп келүү чечимин кабыл алышкан.

14-17-сентябрда тажиктердин баскынчылыгынан коргонуу учурунда 62 кыргызстандык шейит кетип, 200гө жакын адам ар кандай жараат алды. Ошондой эле ушу кезге дейре дайынсыз болуп жаткандары да бар. Алдын ала маалыматтарга караганда, 600дөн ашык коомдук имарат жана турак үй өрттөлүп, талкаланган.

Даярдаган: Сагын Сабыр

Copyright © 2017 Maral FM