Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Баткенден Бишкекке эвакуацияланган 800дөй жаран үйүнө кайтты

Кыска кабар | 29 Сен 2022 | 267 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Кечээ, 28-сентябрда Баткенден Бишкекке эвакуацияланган 700 тургун үйлөрүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаардык кеңешинин 29-сентябрдагы жыйынында айтты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 36 кичиавтобус менен 800дөн ашык Баткендин тургуну үйүнө кайтарылганын билдирген.

Бүгүн, 29-сентябрга карата: 

— 18281 жаран үйлөргө (Баткен облусуна — 15487, Ош облусуна — 1332, Жалал-Абад облусуна — 383) жайгашкан;

— 3889 жаран эвакуациялык пункттарга (Баткен облусуна — 680, Ош шаарына — 1628, Жалал-Абад облусуна — 12, Бишкек шаарына — 170, Ысык-Көл облусуна — 137, Чүй облусуна — 1262) жайгаштырылган;

— 1701 жаран башка облустардагы туугандарынын үйүнө кеткен.

Баткен районунда 320 турак үй жарактан чыккан. ӨКМ тарабынан 28 үйдүн, жергиликтүү бийлик тарабынан 2 үйдүн орду тазаланып, 8659 куб метр таштанды чыгарылды.

Лейлек районунда 106 турак үй жарактан чыккан. ӨКМ тарабынан 27 үйдүн, жергиликтүү бийлик тарабынан 6 үйдүн орду тазаланып, 3465 куб метр таштанды чыгарылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM