Биз менен байланышыңыз

Министрдин кармалышы. Далилдер күмөн жаратты

Саясат | 29 Сен 2022 | 5415 | 0

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери 28-сентябрдын кечинде билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевди пара алууга шектеп кармап кетишти. ИИМдин басма сөз кызматы «Бейшеналиев чет өлкөдөн келген студенттерди Кыргызстандын жогорку окуу жайларына өткөрүү үчүн 110 миң доллар пара алган» деген киненин негизинде тергелип жатканын расмий кабарлады. Жети ай мурда билим берүү тармагын реформалоого келген Алмазбек Бейшеналиевдин пара алууга шектелип кармалышы коочулукта кызуу талкуу жаратууда. Айрымдары каралоо десе, экинчи тарап бийлик талаштын курмандыгы болгонун айтышууда. Ошол эле учурда министрди  жоопкерчиликке тартылуусун талап кылгандар да бар. Бейшеналиевдин кармалышы боюнча эксперттердин оюн тыңдап көрдүк.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Министрдин баш коргоо чарасы жакынкы күндөрдө сот органдары тарабынан аныкталат.

28-сентябрдын кечинде ИИМ кызматкерлери билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевди пара алууга шектеп кармаган. Учурда министр «чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда ири өлчөмдө пара алган» деген фактынын негизинде тергелүүдө. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча алдыда толук маалымат берилет. ИИМ Алмазбек Бейшеналиевдин кармалуусу боюнча видео жарыялаган, бирок коомчулукта Бейшеналиев алды делген  110 миң доллар видеодогу конвертке батпай турганы айтылды.

Бүгүн эртең менен Бейшеналиевдин кармалышы ар тараптуу иликтене турганын президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев айтып чыкты. Ал министрдин кармалганы боюнча президент Садыр Жапаровго маалымат берилгенин да билдирди.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында билим берүү министринин кармалышы боюнча депутаттар өз пикирлерин айтышты. Алсак, депутат Эмил Токтошев министрдин пара менен кармалышына күмөнү бар экенин билдирип, күч органдарынан адилет иш алып баруусун талап кылды.

«Кечээ кечинде билим берүү министри пара алууга шектелип кармалды. Ички иштер министрлиги «110 миң доллар менен кармалды» деп маалымат берди. Кайра экинчи маалымат чыкты, «10 миң доллар машинасынан табылды» деп.  Биз Алмаз Бейшеналиевди билимдүү, тартиптүү кадр катары ушул жерден шайладык эле. Элдей эле менин да күмөнүм бар, реформа жасайм деген киши, элчи болуп иштеген киши бул жолго барбашы керек эле. Ошондой болсо да, урматтуу төрага, ушул иш так жана дыкат тергелсин. Башкы прокуратура өз көзөмөлүнө алсын. Иштин калыс тергелишин суранам жана талап кылам». 

Эл өкүлү Жанар Акаев министрлерди, бизнесмендерди кармаганда музыканын коштоосунда видео жасап, шоу кылганды токтотууга чакырды. Ошондой эле ал билим берүү министрин кармоо уят иш болгонун, мындай кадам жүздөгөн-миңдеген мугалимге сокку урганын, мамлекет саясатты идеологиянын негизинде жүргүзүшү керектигин белгиледи.

«Пара алган күндө да шоу уюштуруп, аны видеого тартып чыгарбай эле, «ката кетирдиң, жумушуңдан кет, тергөө жүргүзүлөт» десе, кызматын өткөрүп берет эле го. Бүгүн жүздөгөн-миңдеген мугалим шалдайып отуруп калды. Мугалимдерге сокку урдук, алар кантип окуучуларга барып акыл үйрөтөт? Бизнесмендерди кармап жатасыңар, минте берсе Кыргызстанда камалбаган министр, акчалуу бирөө калбайт окшойт. Мындай мамиле боло берсе, мамлекеттик кызматка эч ким барбайт. Болду, жетишет. Кызматка алып келесиңер, бир ай иштетип, кайра камайсыңар».

Саясатчы Равшан Жээнбеков учурда бийликтин ичинде бири-бирине карама-каршы топтор пайда болгонун, министр Алмазбек Бейшеналиев да мына ошол топтордун жеми катары кылтакка илинип калышы мүмкүн экенин белгиледи.

«Ташиев укук коргоо органынын башына келгенден бери фалсификацияланган кылмыш иштерин козгоо, жакпаган адамдарга кылмыш иштерин козгоо, саясий өңүттө кылмыш ишин козгоо, аларды атайылап ачуу, далилдерди күч колдонуп укук коргоо органдарынын артынан жасоо күнүмдүк адатка айланып бара жатат. Бул жерде да укук коргоо органдарынын фалсификацияланган кылмыш иши болуу мүмкүнчүлүгү аябай жогору. Мына ушул себептерге таянып, алдын ала болжол менен айтсак болот, Бейшеналиев боюнча так далилдер болбосо, ишенүүгө мүмкүн болбос. Кечээ болуп жаткан иштер түз далил эмес, алар кыйыр далил. Ошондуктан азырынча адам катары да, саясатчы катары да, профессионал юрист катары да айта турган болсом, Бейшеналиев боюнча эч кандай далил жок». 

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбайдын баамында, Садыр Жапаровдун өзү тандап келген кадрларын четинен тазалап кетирүүсү коомчулукта бийликке болгон ишенимди жоготуп жатат.

 «Биз 2021-жылы демократияга умтулуп бара жаткан өлкөдөн кайра артка кетип, авторитардык башкаруу болуп калганбыз. Ошонун баары саясий абалды курчутуп жатат. Бир жагынан кандай бийликте болбосун, министрлерди бийликтен алып, жемкорлук менен күрөшүүнү күчөтүп жатат. Ошол эле учурда бийликке каршы сөз чыгаргандарга, өзүнүн пикирин айткандарга жазалоо кылганын эл туура эмес көрүп жатат. Бийликтин тазалоо аракети туура, бирок анын фону менен оппозициячылдарга каралоо болуп, «колуңду сындырам» деп, коркутуп-үркүткөнүнө нааразы болуп жатат. Ошондуктан  бийликке ишенген эл азыр кызыктай, түшүнүксүз абалда турат. Бир жагынан сүйүнүп, бир жагынан кайгырып жатат. Жалпылап алганда, бийликке нааразы болуп жатат».

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Алмазбек Бейшеналиев ушул жылдын 17-февралында билим берүү жана илим министри болуп дайындалган. Ал 2021-жылдын июнь айынан баштап, Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка уюмдардагы өкүлү, Швейцариядагы элчиси болуп иштеген. Андан мурда 2021-жылдын май айына чейин билим берүү жана илим министри кызматын аркалаган.

Алмазбек Бейшеналиев министрликтен кетип, кайра келишинин себебин президенттин жүргүзгөн саясаты менен байланыштырган. Министр болуп Кыргызстанга келгенге чейин Борбор Азиянын аймактык илим изилдөө институтунун директору, Хопкинс университетинин профессору болгон.

Copyright © 2017 Maral FM