Биз менен байланышыңыз

Иликтөөчү журналист соттон акталды

Коом , Саясат | 28 Сен 2022 | 469 | 0

Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштери боюнча отурум болуп өттү. Жыйынтыгында журналистке акыркы сөз берилип, соттун чечими чыгып, акталды.

Болот Темиров бул иштердин баары саясий буюртма экенин, аны Ички иштер министрлиги менен УКМКнын кызматкерлери аткарып жатканын айтып, кимдер экенин ачык атады. Иликтөөчү ошондой эле судьяны алардын катарына кошулбоого үндөдү. Андан тышкары журналисттер менен болгон маегинде буларга токтолду:

«Азыр судья Адимов Акылбекте жана бүтүндөй сот системасында өз алдынча чечим чыгарууга толук мүмкүнчүлүк бар. Менин кыялым, соттор «биз эч кимге баш ийбейбиз, биз акыйкат чечим чыгарабыз» деп баш көтөрсө дейм. Бирок азыр андай болбойт деп ойлоп турам, анткени 30 жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин сот системасы эркиндикке бир да кадам таштаган жок».

Болот Темировго «мыйзамсыз баңгизат өндүрүү жана сактоо», «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» жана «жасалма документ колдонуу» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон.

Соттук отурумдун жүрүшүндө судья Акылбек Адимов журналистти эки берене боюнча актап, «жасалма документ колдонуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чектөөдөн баш тартты.

Буга чейин коомчулукта Темировго козголгон кылмыш иштери саясий буюртма катары бааланып келген. Ага Акыйкатчы институту тынчсыздануусун билдирген. Ошондой эле медиакоомчулук 26-сентябрда ачык кайрылуу жасап, журналистти толук актоону талап кылган.

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурдин Дүйшөнбеков Темировго катар-катар козголгон кылмыш иштери шек жаратып жатканын, журналисттин күнөөсүз экенине толук ишенерин билдирди.

«Бул жерде 3-4 кылмыш ишинин катар-катар козголушу, анын спецназдар тарабынан оор кылмышкердей кармалганы, жашыруун видеокамералар, кеңсесин тинтүү боюнча бир топ суроолор бар. Бирок биз, журналисттер, Болот Темировдун күнөөсү жок экенине ишенебиз. Эгер күнөөлүү болсо, толук түрдө далилдер келтирилип, биринчи кезекте жасалма документ жасаган мамлекеттик кызматкерлер жооп бериши керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө алардын бири да жок».

Ал эми бул ишти көзөмөлүнө алган Акыйкатчы институту буга чейин да билдирүү таратып, Жогорку Кеңештин фракциялык жыйындарында да сөз эркиндигине кысым катары баалаган. Мекеменин жетекчиси Атыр Абдрахматова тергөө ишинде көп катачылык бар экенин айтып келет.

«Тергөөдө көп келишпестик, катачылык, суроо жараткан жагдайлар бар. Бул чийки тергөөнүн каталыгын сот процессинде жабуу мүмкүн эмес, ал өзүнчө процесс. Сот катачылыгы көп тергөөнүн негизинде чечим чыгарса, анда бардык кемчилиги соттун жоопкерчилигине өтөт. Эгерде соттор көз карандысыз болуп, туура чечим чыгара турган болсо, тергөөдөгү карама-каршылыктар, кемчиликтердин баары мыйзамда так жазылып тургандай каршы тараптын пайдасына чечилиши керек».

Ошондой эле акыйкатчы соттордун ишмердүүлүгүнө кийлигише албасын, бирок калыс кароого жана тергөөнүн жүрүшүндөгү катачылыктарга көңүл бурууга үндөп келерин кошумчалады.

Жогорку Кеңештеги «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын төрагасы Нурланбек Шакиев сөз эркиндиги сакталып, демократиянын принциптерин кармануу керек деп эсептейт. Ал журналисттердин, блогерлердин жана активисттердин кысымга алынып, куугунтукталышын айыптайт. Бирок Шакиев козголгон кылмыш иштери Болот Темировдун кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деген пикирлерди бир тараптуу деп эсептеп, Ташиевдер тууралуу иликтөөнү жөн гана дал келүүчүлүк катары көрөт.

«Мен сөз эркиндигин, демократиянын принциптерин карманган жаран катары журналист болобу, блогер болобу, куугунтукталышын айыптайм. Ошол эле учурда бир нерсени жазарда, айтарда жоопкерчиликти биринчи орунга коюшубуз керек. Биз кээде сөз эркиндиги деп аша чаап кетебиз. Ташиев тууралуу пикирлер бир жактуу. Ал кишини жакындан тааныган адам катары айтсам, демократияны туу туткан, сөз эркиндигин баалаган киши. Бул жөн эле дал келүүчүлүк болушу мүмкүн, анын карасантай ою деле жок болсо керек».

Былтыр 18-апрелде Temirov LIVE каналында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулунун компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерден утуп алганы тууралуу иликтөө жарыяланган. 20-апрелде Болот Темиров Бишкек шаардык милициясына сурак берип чыккан.

Ошондой эле быйыл 20-январда да ушул эле каналга «Эки күндө 37 миллион сом кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада видеомакала чыккан.

Андан көп өтпөй, 22-январда Болот Темиров жетектеген компаниянын кеңсеси тинтүүгө алынып, өзүн атайын операциянын негизинде кармап кетишкен.

Даярдаган: Сагын Сабыр

Copyright © 2017 Maral FM