Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Депутаттар ачык сүйлөй баштады

Саясат | 28 Сен 2022 | 1556 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында чек арадагы кырдаал кайрадан көтөрүлдү. Депутаттар Тажикстандын кол салуусуна саясий баа берүү маселесин ортого салышты. Ал ортодо айрым депутаттар бул маселе жабык жыйында каралганы туура болорун айтышса, басымдуу көпчүлүгү дүйнө коомчулугу, жалпы журт ачык билиши керектигин белгилешти. Жогорку Кеңештеги талаш-тартышка алдыда кененирээк токтолобуз.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутаттар күн тартибине кирген мыйзам долбоорлорун эмес, өлкөдөгү акыркы кырдаалга байланышкан орчундуу маселелерди кароону туура көрүштү.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков өзү жетектеген комитеттин Тажикстандын кол салуусу боюнча корутундусу даяр экенин белгилеп, алардын аракетине саясий баа берүүнү сунуштады.

«Мекендештердин маселеси курч турат. Эки жумадан бери Тажикстандын агрессиясы боюнча Жогорку Кеңеште кайрылуу жасоо үчүн комитетттин корутундусун даярдаганбыз. Азыр тажик тарап Кыргызстанды агрессия жасады деп айыптап жатат. Бул боюнча биз өзүбүз саясий баа бербейлиби?!»

Султанбай Айжигитов фракциянын мөөнөтүн сурап, кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча кенен маалымат берүүнү сунуштады. Сунуш добуш берүү аркылуу колдоо таап, трибунада сүйлөй баштаганда айрым кесиптештери сөзүн бөлдү. Депутат Айбек Мааткеримов чек ара маселелери жабык каралышы керектигин айтып чыкты.

«Баарыбыз эле Баткенге барып көрүп келдик. Ал жерде бардык сүйлөшүү кандай оор болгонун билебиз. Биздин сөзүбүз ачык болушу керек деген менен ар бир сөзүбүз эки өлкөнүн сүйлөшүүлөрүнө терс таасирин тийгизип жатат. Ошондуктан ызы-чуу бүткөнгө чейин Баткен боюнча сөздөрдү баарын жабык эшик артында айтсак. Мамлекетке баарыбыз күйөбүз, мамлекет баарыбызга керек. Биздин ич ара тытышып турганыбыз аларга кандай жетип жатканын көрүп жатабыз». 

Эл өкүлдөрү Адахан Мадумаров, Мирлан Самыйкожо, Чынгыз Ажибаев кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча парламенттин трибунасында айтылышы керектигин билдиришти.

Ошондой эле Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси гана эмес, коомдо кыргыз-өзбек чек ара маселеси катуу талкууга түшкөнүн, «Кемпир-Абад кетиптир» деген ызы-чуу пайда болгонун айтты.

«Кечээ облустук телекомпаниядан берди деп жатышат. «Кемпир-Абад кетиптир» деген ызы-чуу пайда болду. Биз беш айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен сүйлөшкөнгө чейин кыргыз-өзбек чек ара маселесин токтотуп турууну айткан болчубуз. Президент өзү да макул болгон эле. Бирок жең учунан макул болгону, аны телеканалдан айтып жибергени өлкөдө будуң-чаңды жаратып жатат. Ошондуктан биз мыйзамдарды кароону токтотуп, өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга жараша маселе карасак».

Ошентип депуттардын талашып-тартышуусунан кийин чек ара маселеси боюнча Султанбай Айжигитовдун кайрылуусун жабык кароо сунушу добушка коюлуп, бирок колдоо тапкан жок.

Депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасынан алынган үч пост, бир заставанын маанисин айтып, талашты чечүү жолун сунуштады. Ошондой эле ал буга чейин түзүлгөн ар кандай протоколдорду жокко чыгаруу керектигин айтты. Антпесе документтин юридикалык күчкө ээ болбогонуна карабай, Тажикстан бетине кармап кол салуусун уланта берет.

«Тажикстандын тышкы иштер министри БУУда 2 110 чарчы чакырым жерге доомат коюп жатат. Укуктук мааниге ээ эмес протоколдорду шылтоо кылып саясат жүргүзүүдө. Ушундан баш тартпаса, жаңжал чыга берет, дагы чоң агрессияны баштайт. Биз президенттин БУУда айткан сөздөрүн колдоп, 1994-жылы чек ара аймактары тууралуу президенттер кол коюп, парламент ратификация кылган келишимдер менен сүйлөшүшүбүз керек. Бул — эң тынч, компромисстүү, тез чечиле турган жол. Ушуну расмий саясат кылышыбыз абзел».

Жыйында фракциянын 10 мүнөттүк мөөнөтүн сураган депутат Мирлан Самыйкожо трибунадан парламентке кысым болуп жатканын ачык жарыялады. Ошондой эле ал өлкөдө болуп жаткан иштерге сөзсүз тиешелүү жетекчилер жооп бериши керектигин белгилеп, президентти элдин үмүтүн актап, жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

«Параменттин төрүндө тайраңдап, өз билгендерин кылып, жоо жакадан алып турганда, жоо менен эмес, парламент менен кармашканга өтүп жатышат. Азыр аны дагы бир кесиптешибиз ачыктап көрсөтүп берди. Парламентти басынтып, жаман көрсөтүү аракетин кылышып, ар кандай сөздөрдү жалдап жаздырганга өтүштү. Эч ким эч качан, эч кимдин этегине намаз окубашы керек. Биз элдин ырысы менен келечегинен корколу».

Кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча Баткен облусуна иш сапары менен барып келген депутаттар бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы сессиясында ачык маалымат бермек.

Бирок Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун жеке өзүнүн өтүнүчү менен маалыматты жабык эшик артында угууну сунуштап, сунушу колдоо тапты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында чек арадагы кырдаал тууралуу маселе жабык каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM