Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Кемпир-Абаддын Өзбекстанга кеткени айтылып жатат

Кыска кабар | 28 Сен 2022 | 2628 | 0

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров парламенттин жыйынында маселелердин маанилүүлүгүнө жараша кароону сунуштады.

Ошондой эле ал учурда коомдо кыргыз-өзбек чек ара маселеси катуу талкууга түшкөнүн билдирди.

«Кечээ облустук телекомпаниядан берди деп жатышат. «Кемпир-Абад кетиптир» деген ызы-чуу пайда болду. Биз беш айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен сүйлөшкөнгө чейин кыргыз-өзбек чек ара маселесин токтотуп турууну айткан болчубуз. Президент өзү да макул болгон эле. Бирок жең учунан макул болгону, аны телеканалдан айтып жибергени өлкөдө будуң-чаңды жаратып жатат. Ошондуктан биз мыйзамдарды кароону токтотуп, өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга жараша маселе карасак», — деди Мадумаров.

Ошондой эле ал өлкөдөгү кырдаал гана эмес Жогорку Кеңештин ичиндеги кырдаал да жеңил эместигин белгиледи.

Мындан сырткары парламенттин өткөн жумадагы жыйынына коопсуздук кызматынын жетекчиси эки жашык автомат менен келгендигин айтып, аны жапайычылык деп сындады.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча протоколго кол коюлду

Copyright © 2017 Maral FM