Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча протоколго кол коюлду

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын биргелешкен кеңешмесинин Протоколуна кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинети маалымат берди. Документ кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берет. Кыргыз тараптан документке Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Өзбекстан тараптан премьер-министр Абдулла Арипов кол койду.