Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча протоколго кол коюлду

Кыска кабар | 26 Сен 2022 | 637 | 0

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын биргелешкен кеңешмесинин Протоколуна кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинети маалымат берди.

Документ кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берет.

Кыргыз тараптан документке Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Өзбекстан тараптан премьер-министр Абдулла Арипов кол койду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM