Биз менен байланышыңыз

Жаңы мыйзам: Бакчадагы балдардын тамагын ата-эне толук төлөйт

Коом , Саясат | 27 Сен 2022 | 3860 | 2

«Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын жаңы долбоорунда бакчадагы балдарды тамак-аш менен камсыз кылуу ата-энелерге жүктөлмөй болду. Ал эми мектеп окуучуларына тамак берүүнү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүү сунушталды. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Эгер балдардын тамак-ашынын чыгымы толугу менен ата-энелерге жүктөлсө, бир топ нааразылык пайда болору айтылат. Аталган мыйзам долбоордун күнгөй-тескейи жана ата-энелерди түйшөлтө турган маселелер жөнүндө алдыда кененирээк токтолобуз. 

Жайнагүл Жумабекованын баласы мамлекеттик бала бакчага барат. Ал айына 2 миң 400 сом төлөйт. «Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, мындан да кымбат төлөп каламбы?» — деп тынчсызданууда.

«Эгер бир үй-бүлөнүн эки-үч баласы бакчага барып жатса, бир топ эле кыйынчылык туудурат. Эл муну көтөрө албайт. Себеби айлыгыбыз аз болуп жатпайбы. Анда айлыктарды көтөрүшсүн. Мунун айынан азыр балдар бакчага барбай башташат. Ошондон сабатсыздык күчөйт деп ойлойм. Анткени бакчадан бала көп нерсе үйрөнүп жатат. Ата-энеси эртеден кечке чейин жумушта болуп жатса, бала үйдө отурса, эмнени үйрөнөт анда? Бул мыйзам долбоору кабыл алынбаса экен».

Инсан Сагынбаев да эки баласын мамлекеттик бакчага берген. Анын пикиринде, жеке менчик бала бакчаларда шарттар кыйла жакшы, бирок азыркы социалдык-экономикалык кризис күч болуп жаткандыгына байланыштуу балдарды кымбат бакчага берүүгө шарт жок. Ал эми мамлекеттик бала бакчалар да кымбаттай турган болсо, эмне кыларын билбей, сарсанаага батып жаткан учуру.

«Жеке менчик бала бакчалардын шарттары жакшы, балдардын саны аз. Бирок баасы кымбат, эң арзаны 7-8 миң сом. Ошонүчүн мамлекеттики арзаныраак деп ошол жакка бердим. Эки балама деле бир топ акча чыгып калат. Мисалы тамак-аштан сырткары башка чыгымдары да бар. Ал эми азыр тамак-ашты толугу менен өзүбүз төлөп калсак, асмандын башы болуп кетпейби. Үч-төрт баласы бакчага барып жаткандар бар. Алар кантет? Эмнеге ушуну ойлонушпайт бийликте отургандар? Айлыктарды көтөрсүн анда. Бирок ошол эле учурда «айлыктарды көтөрдүк» деп коюп баары кымбаттап жатпайбы».

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарга үч маал тамак берүү үчүн ар бир балага күнүнө 36 сом бөлүнөрү белгиленет. Көрсөтүлгөн сумманын жарымын ата-энелер өздөрү төлөшөт, жарымын мамлекет каржылайт.

Азыркы учурда азык-түлүккө болгон баанын жогорулашына байланыштуу баланын тамак-ашына сарптала турган 36 сом да ата-энелерге жүктөлөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүүнүн саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова жогоруда көрсөтүлгөн ченемдер республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден чыгымдарды кыйла азайтууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, кандай абал болорун түшүндүрдү.

«Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, баланын тамак-ашына сарпталуучу чыгымдар жыл сайын тиешелүү министрликтерден индексацияланып турат. Тактап айтканда, бир баланын тамак-ашына канча акча сарпталары, азык-түлүктүн баасы, бардык нерсе кымбаттап жатканы эсепке алынат. Ошол эле учурда балдарды сапаттуу тамак-аш менен камсыздаганга шарттар түзүлөт».

Мыйзам кабыл алынгандан кийин атайын жумушчу топ иштейт. Бир балага тамак-аштын чыгымы Каржы министрлиги тарабынан индексациялоодон өтүп, жумушчу топтун жыйынтыгы менен белгилүү бир сумма бекитилет. Бул азыркы баалардан жогору болушу ыктымалдыгын билдирет.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, бакчадагы ар бир баланын тамагына 36 сом сарпталары бекитилген. Бирок инфляциянын жогорулашы менен Бишкек шаардык кеңеши борбор калаадагы бакчаларда бир баланын тамагына сарпталуучу каражат 120 сом деп бекиткен. Демек 60 сомун жергиликтүү бийлик каржылайт, калган 60 сомду ата-энелер төлөп жатышат. Бир айда жалпы 1 миң 400 сомдун тегерегинде төлөшөт.

Ал эми аймактарда 60-90 сомдун тегерегинде көрсөтүлгөн. Аны да жарымын ата-эне, жарымын мамлекет каржылап берүүдө.

Демек, эгер өкмөт бекиткен 36 сомду ата-эне төлөсө, анда 22-23 күнгө 792 сом төлөшү керек болчу. Бирок Касымова белгилегендей, 36 сом бир баланын тамак-ашына жетпейт.

Мурдагы Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова наристе бакчага барбаган күндө да үйдөн ага кеминде үч-төрт маал тамак берип, буга да акча коротуларын мисал келтирип, ал каражатты баласы үчүн бакчага берсе натыйжалуу болорун белгилейт.

«Мыйзам долбоору азырынча коомдук талкууда гана болгондуктан бир нерсе айтуу оор. Бирок ата-эне өз баласына жардам берип, багуусу керек. Өмүр бою жардам бериши зарыл. Азыр акысыз эч нерсе жок да. Завод-фабрика, ири ишканаларыбыз да жок. Мисалы мурун, Совет доорунда завод-фабрикалар иштечү. Ата-энелер балдарын ошол завод алдындагы бала бакчага берип, бала бакча баарын камсыздачу. Ал эми ата-энелер салык төлөчү».

Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан бала бакчалардын кызматкерлеринин эмгек акысы жана  балдардын тамак-ашынын 50%ы каржыланат. Ал эми ата-энелер милдеттүү түрдө тамак-аштын 50%ын төлөшү зарыл.

Мындан сырткары мыйзамга ылайык бала бакчадагы кир жуучу каражаттар жана башка ушул сыяктуу керектөөлөргө жергиликтүү бийлик каражат бөлүшү шарт. Бирок Касымованын айтымында, алар тарабынан каржылоо болбой, керектөөлөр ата-энелердин жардамы менен камсыздалат. Мындан тышкары кошумча сабактар, ийримдер уюштурулганы үчүн да кээ бир бала бакчаларга төлөгөн акы көбүрөөк болууда.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, балдардын тамак-ашын толугу менен ата-энелер төлөп калышат. Ал эми жергиликтүү бийлик органдары балдарга жаңы имараттарды куруп, бала бакчалардын санын көбөйтүп, жеткиликтүү шарттар менен камсыздашы болжолдонууда.

2 пикир

2 пикир

  1. Каныкей Эсеналиева

    02.11.2023 15:12

    Жашым 33то жети балам бар.Тортоо мектепке барат бироо бала бакчада.Эки балам колумда.Эгер тамак аш бизге жүктөлсо бир топ эле оор бизге.Бир эле жолдошум иштейт.Мен пасобия албайм үйдө олтурам.Анын айлыгын араң жеткиребиз .Ойлонуп чечим чыгарса экен.Коп балалуулар жылдан жылга азайып баратат бага албайбыз деп торошпойт.Россия жарандыгын алгандар жыргап жүрөт көп балалуулар.Эх өкмөт ойлонгула.Кыргыздын санын көбөйтүүнү кааласаңар шарт түзгүлө жаш үй бүлөлөргө ошондо көптөн төрөшот.

  2. Каныкей

    02.11.2023 15:14

    Жашым 33то жети балам бар.Тортоо мектепке барат бироо бала бакчада.Эки балам колумда.Эгер тамак аш бизге жүктөлсо бир топ эле оор бизге.Бир эле жолдошум иштейт.Мен пасобия албайм үйдө олтурам.Анын айлыгын араң жеткиребиз .Ойлонуп чечим чыгарса экен.Коп балалуулар жылдан жылга азайып баратат бага албайбыз деп торошпойт.Россия жарандыгын алгандар жыргап жүрөт көп балалуулар.Эх өкмөт ойлонгула.Кыргыздын санын көбөйтүүнү кааласаңар шарт түзгүлө жаш үй бүлөлөргө ошондо көптөн төрөшот.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM