Бүгүн, 27-сентябрь — бүткүл дүйнөлүк туризм күнү. Майрам туризмдин экономикадагы ордун даңазалоого багытталган. Кыргызстанга быйыл чет жерден келген эс алуучулардын саны көбөйгөнү айтылып келет. Учурда туризм тармагына кандай көңүл бурулууда жана кандай тоскоолдуктар бар? Бул суроолордун айланасында Туризм департаментинин мурунку директору Максат Чакиев менен маек курдук.
— Быйылкы жайкы туризм Кыргызстан үчүн кандай жылдардан болду?
— Быйыл Кыргызстанга туристтердин келиши боюнча абдан ийгиликтүү жылдардан болду. Ага эки себеп бар. Биринчиси, пандемиядан кийин туристтер көп жакка чыкпай буулугуп калган болчу. Европадан, Америкадан туристтер турларды көп сатып алып, мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп келишти. Кыргызстанда коронавирустун көрсөткүчү эң төмөн, жокко эсе болгондуктан Европанын туристери Кыргызстанды көп тандап алышты. Булар көбүнчө тоо туризми жана экотуризимди тандашат. Ал эми көл туризмин алсак, Ысык-Көлгө көбүнчө Казакстан, Орусия жана Өзбекстандан келишти. Буга Орусия менен Украинадагы согуш да себеп болду. Себеби Орусия жакшы көргөн Испания, Португалия курорттору Орусияга өзүнүн рыногун жапты. Керек болсо Түркия да орусиялык туристтерге суук мамиле көрсөтө баштаган. Ошондуктан булар айла жоктон Ысык-Көлдү тандай баштады. Ошондуктан быйылкы жайкы туризм абдан ийгиликтүү болду десек болот.
— Биз туристтерге шарттарды жакшыртып, аларды кийинки жылы да келе тургандай ишеним арттыра алдыкпы?
— Туристтерди тосуп алуу, шартты жакшыртуу жагынан көп даярдана алган жокпуз. Тоо туризминде, башкача айтканда, эко, этно, тоо туризмде бизде шарттар жакшы. Ал жакта туроператорлор көп жылдан бери иштешип, тейлөөнү жогорку деңгээлге чыгарышкан. Азыр Кыргызстанда «Глэмпинг» деген жаңы тренд башталды. Боз үй сыяктуу тоголок болгон чатырларды жасашып, ичине бүт шарттарды коюшту. Кыскасы, бул тармак европалыктарды канааттандырып жатат, гид болобу, котормочу болобу, баары жакшы. Азыр аксап жаткан туризм — бул Ысык-Көлдүн жээгиндеги туризм. Мына ошол көлдө КМШ өлкөлөрүнөн келген конокторго Советтер Союзундагыдай эле «жапайы» кызмат көрсөтүлүп жатат. Алардын 10-20%га чейинкилери гана жогорку деңгээлде тейлеп жатса, калган 80%ы эптемей тейлөө. Тилекке каршы, ал жагын биздин өлкө жолго коё албай жатат.
— Туризм тармагында мамлекет тарабынан чечилиши керек болгон кандай маселелер турат?
— Эми мен ал жакта чоң стратегиялык программа иштелип жатат деп айта албайм. Жакында эле Туризм фонду ачылбады беле, ошолордун бир идеясы мага жакты. «Жолдордун бойлоруна токтоп, эс алып, кофе, чай ичип, жууна турган алтымышка жакын станция туалеттери менен курабыз» дешкен. Эгерде ошолорду курса эле өтө чоң жетишкендик болмок.
— Дагы кайсы тармактарга жакшы көңүл бурулушу керек?
— Биздин негизги эле маселебиз — тейлөө. Ысык-Көлгө байланыштуу болгон туризмди да өнүктүрүү керек болуп жатат. Менин коркконум, быйыл көлгө абдан көп турист келди. Экологиялык жактан коркунучтар пайда боло баштады. Көл деген деңиз эмес. Ал жерде канча адам кирсе, ошончо адамдын териден чыккан нерселери калат. Анын баарын көл тазалай албайт. Ошондой эле акыр-чикирлер көлгө абдан кооптуу болуп жатат. Ошондуктан менин оюм боюнча Ысык-Көлгө болгон массалык туризмди азайтып, тескерисинче, анын баасын көтөрүп, элита туризмге айлантуу керек. Мисалы, көп өлкөлөрдө социалдык туристтерге өзүнчө, чет элдик туристтерге өзүнчө жай кылып, көбүнчө кымбат кылат. Ошондой эле биотуризм десе эле көлгө тартабыз. Буга чейин Көчмөндөр оюндарын өткөргөндө көлсүз деле туристтерди Кыргызстанга тартса боло турганын көрсөттүк. Биз ушундай массалык чоң фестивалдарды өткөрүшүбүз керек.
— Бийлик туризмди бюджеттин кирешелүү тармагына айлантуу ниетин билдирип келет, бул багыттагы аракеттерди кандай баалап жатасыз?
— Эми ушундай ой-пикирлер көтөрүлүп келе жатат. Бирок азырынча туризм тармагына өзгөчө көңүл бурулганын көргөн жокмун. А бизде көпчүлүк бюджет мектеп, бала бакча курууга кетет. Мектептер жана бала бакчалар акча алып келбейт. А бирок туризм киреше булагы боло алат. Эгерде туризмге көңүл бурсак, андан түшкөн акчага мектеп, бала бакчаларды курсак болмок. Ошондуктан туризмге көңүл буруу сөз түрүндө эле айтылып, иш түрүндө эч нерсе жасала элек. Азыр бардык мамлекетте жер казуудан кетип жатышат. Азыр баары экологияга зыян алып келбей турган тармактарга басым жасап жаткан учур. Туризмди өнүктүрүү керек, мындан эч кандай зыян болбойт. Туристтер келип, көрөт, эс алат, акчасын калтырып, кайра кетет.
— Маегиңиз үчүн ырахмат!