Биз менен байланышыңыз

Бишкекте коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бир айлык өтүп жатат

Кыска кабар | 27 Сен 2022 | 126 | 0

Жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бир айлык өтүп жатат.

Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, ага Борбордук аппараттын кызматтарынын, башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн, окуу жайлардын жана атайын багыттагы полктун кызматкерлери, ички аскерлердин аскер кызматчылары катышууда.

Милиция кызматкерлери укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жарандардын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу, укук тартибин чыңдоо, көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда мыйзам бузууларга бөгөт коюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM