Биз менен байланышыңыз

«Салык чек» боюнча 11 миңден ашык даттануу түшкөн

Кыска кабар | 27 Сен 2022 | 398 | 1

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереянын активдүү катышуучуларынын аркасында салык мыйзамдарын системалуу түрдө бузган бир катар ишкерлер аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

2022-жылдын 10-майынан тарта «Салык чек» мобилдик тиркемеси аркылуу лотереянын катышуучуларынан 11 миң 162 даттануу келип түшкөн. Алардын көпчүлүгү буга чейин иштелип чыккан.

Даттанууларда негизинен кассалык чектердин берилбегендиги жана ККМдин жоктугу, ошондой эле чектерди иштеп чыгуудагы,  тиркемеден ID-билеттерди берүүдөгү каталар көрсөтүлгөн.

Бүгүнкү күндө лотереянын катышуучуларынын жардамы менен салык мыйзамдарынын талаптарын четке кагып, сатып алуучулар менен эсептешүүдө кассалык чек бербеген 75 субъект аныкталды.

Алсак, Бишкек шаарындагы «Мегасити» дүкөндөр тармагына 141 даттануу, «Оптовые цены» дүкөнүнө – 125, «Шекер» – 49, «Сити Маркет » – 35, «Мега косметикс» – 19, «Метро» – 28, «Бимар» – 26, «Ак куш» – 16, «Бекбекей» – 17 даттанууал эми «Реалист», «Финик», «Береке+», «Кампа», «Любимый», «У дома» дүкөндөрүнө – 25тен, «Бум», «Ми стор», «Я мама» – 12ден даттануу келип түшкөн. «Фаиза» кафесинин тармагына жарандар 46 жолу, «Буфет» – 24, «Осмон Кебаб» – 18, «Гурман» – 17 жолу арызданышты.

Ош шаарында «Акниет» дүкөндөр тармагына 67 даттануу, «Корзинка» дүкөнүнө – 12, «Алай» кафесине – 14, «Лаваш борбору» – 14 даттануу түшкөн.

Ушундай эле даттануулар республиканын башка региондорунда жайгашкан дүкөндөргө жана коомдук тамактануу жайларына карата келип түшкөн.

Салык органдары мыйзам бузуучуларга административдик жаза чараларын көрүшкөн.

2022-жылдын 1-октябрында “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереяны ойнотуунун экинчи этабы өткөрүлөт, анда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен 1 авто унаа, 11 iPhone, 10 смартфон, 16 даана ар кандай тиричилик техникасы ойнотулат. Утуш оюну саат 16:00дө башталат. 

1 пикир

1 пикир

  1. Света

    28.09.2022 18:37

    Кочкордо Тунук оптовый магазинининин чегинде И Н Н жок

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM