Биз менен байланышыңыз

«Кайда барарыбыз белгисиз». Кыйраган үйлөр качан курулат?

Коом , Саясат | 26 Сен 2022 | 677 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында болгон 14-17-сентябрдагы согуш учурунда Баткен облусунан 136 миң 770 жаран коопсуз аймактарга чыгып кетишкен. Учурда абал турукташып, 92 миң 521 адам үйүнө кайтты. Айрымдары бара турган жайы жок туугандарынын үйүндө, мейманканаларда, убактылуу берилген жатаканаларда баш калкалап жатышат.

Кандуу каргашада 600дөн ашуун турак үй, коомдук имарат тонолуп, өрттөлүп, талкаланганы айтылды. Алсак, Ак-Сай аймагында эле 180 үй жер менен жексен болгон. Үй-жайынан ажырап калган жарандар «Үйүбүз бүтпөй калса, суук түшкөндө кайда барабыз?» деген маселеге кабатырланышууда. 

Баткен районунун Паскы-Арык айылынын тургуну Назира Ормонова кыргыз-тажик чек арасына 500 метр жакын жерде жашайт. Мындан улам тажик аскерлери тарабынан чабуул жасалганда биринчилерден болуп Назира апанын үйү өрттөлгөн.

Ал үй-бүлөсү менен Ош шаарына эвакуацияланган. Азыркы тапта мейманканада күн кечирүүдө. Неберелерин жакынкы мектептердин бирине берген. Анын айтымында, Паскы-Арыктагы үйлөрдүн курулушу баштала элек. Ага карабай, Баткен мэриясынын кызматкерлери мейманкананын администрациясына «тургундар айылга кайтсын» деп чалышкан. Назира апа айылга кайтуудан чочулап турганын жашырбады.

«Баткен мэриясынын кызматкерлери биз туруп жаткан мейманканага чалып: «Эвакуацияланган эл айылына кайтсын», — деп айтышыптыр. Неберелеримди «кеткиче окуп турушсун» деп, бул жактагы мектепке киргизип койгом. Билбейм, эми кантебиз? Бул жактагы туугандардын үйүнө барып турарбыз. Туугандарыбыз: «Келгиле эле, келгиле», — деп жатышат. Бирок бирөөнүн үйүндө балдар батышпайт экен. Келиним жаңы эле төрөдү. Баткенден качып келгендин эртеси неберелүү болдум. Кичинекей ымыркайды кайсыл жакка алып барарыбызды билбей жатабыз. Көрөбүз эми, дагы ойлонуштурабыз».

Тажик баскынчылары Лейлек районунун Максат айылынын тургуну Дастан Нариповдун үйүн ушуну менен экинчи жолу өрттөп кетишти. Былтыр апрель-май айында болгон кол салууда өрттөлгөн үйүн Түркиянын көмөгү менен кайра салган.

Ал жубайы жана алты баласы менен өрттөлгөн үйдүн чатырында жашап жатканын айтты. Суук түшкөндө кайда барары белгисиз. Былтыр убактылуу чатырлар тигилип берилген, быйыл андай шарт түзүлбөгөнүнө тургундар нааразы болууда. Дастандын айтымында, айылда үйлөрдү калыбына келтирүү иштери баштала элек.

«Депутаттар келип кетишти. Бирок көп деле эл менен сүйлөшкөн жок. Мен: «Үйүмдү көрсөтөйүн, жүрүңүз», — десем, бир депутат: «Биз көргөнбүз, карап чыктык», — деп жооп берди. Жеринен көргөн баары бир башка да. Көңүл кош мамиле жасап, жөн эле карап кетишти. Биздин айылда курулуш иштери баштала элек, эч ким кыймылдай элек. Былтыр чатыр берилген, быйыл эч нерсе жок».

Эвакуацияланган эл жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзбөгөнүн, ал эми депутаттар кайдыгер карап кетип калышканын айтышууда.

Ошко баш калкалаган Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну Айсалкын Нишанова да үйүнүн курулуш иштери баштала электигин айтат. Ал беш баласына өрттөлгөн үйүн көрсөткүсү келбей жатат.

«Биз Ошко качып келгенбиз. Кичинекей беш балам бар. Аларга күйгөн үйдү көрсөтпөй эле коёлу деп отурабыз бул жакта. Жолдошум бүгүн барып келет Баткенге. Барып келсе, белгилүү болот да. Азыр ойлонуп жатабыз, бул жактан батир таап эле чыгып кетсекпи же туугандардыкына барсакпы деп. Эмне кыларыбызды толук чече элекпиз».

Айта кетсек, президенттин администрациясынын башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунда талкаланган турак жайлар бүгүн, 26-сентябрда салына баштаарын билдирген. Бул жаатта өкмөттүн өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Учурда Баткен жергесинде жүргөн жарандык активист Аманбол Бабакулов комиссиялардын иши жыйынтыкталып, курулуш иштери бүгүн башталганын кабарлады.

Анын маалыматына караганда, 12 бригада бештен бөлүнүп, Ак-Сай, Капчыгай, Достук, Арка айылдарында тазалоо жана талкаланган обьектилерди түрттүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, үйлөр кирпич менен салынат. Үстү монолит жабылат. Былтыр Максат айылында салынган үйлөр кышкысын суук, жайкысын ысык болгонуна байланыштуу Өкмөт бул жолкусунда сапаттуу жана бардык шарты менен салууга убада берип жатканын айтат.

Андан тышкары эвакуацияланган жарандар үйлөрү салынып бүткөнгө чейин кайсы жакта жашаары боюнча буларга токтолду:

«Азыркы тапта ӨКМ тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Эгер тургундар макул болуп, курулуш иштерин көзөмөлдөйбүз десе, анда өздөрүнүн үйүнүн жанына палатка тигип берүү сунуштары каралып жатат. Эгер каалабаса, бирок жашай турган жайлары да жок болсо, анда бийлик Оштогу мейманканаларга жайгаштырат».

Бабакулов калган айылдардын курулуш иштери жакынкы убакта башталарын кошумчалады.

14-17-сентябрдагы Тажикстандын баскынчылыгы учурунда Баткен облусунан 136 миң 770 жаран эвакуацияланган. Анын ичинен 36 миң 242 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 4 миң 207 адам атайын уюштурулган жайларда турушат. Алардан тышкары 3 миң 800 жаран башка облустардагы туугандарыныкына кеткен. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5 миң 301 адам коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги материалдык чыгымдарды тактоо иштерин улантууда. Жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиялары жалпы 622 үй жарактан чыкканын, анын ичинен 427син кайра салуу керектигин, 195ин оңдосо болорун аныктады.

Мындан тышкары 11 административдик, стратегиялык имарат, 8 мектеп, 7 бала бакча, 3 ФАП, 323 сарай, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу имарат талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган.

Copyright © 2017 Maral FM