Биз менен байланышыңыз

«Отуз жылда Жапониядан беш эле инвестор келиптир». Сейтек Качкынбай менен маек

Блог | 26 Сен 2022 | 814 | 1

Кыргызстан-Жапония кызматташтык алакасы түзүлгөнүнө 30 жыл толду. Бирок бүгүнкү күндө эки өлкөнүн кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү толук пайдаланылбайт. Анын үстүнө элчилик кызмат август айынан бери бош турат.

Сентябрь айынын башында Жапан мамлекетинде билим алып, көп убакыт иштеп, кызматташып келе жаткан аналитик, саясат талдоочу Сейтек Качкынбай Жапонияга расмий чакыруу менен барып келди. Кыргыз-жапан алакасы тууралуу маекти сунуштайбыз.

«Марал»: — Сентябрдын башында Жапонияга Тышкы иштер министрлигинин расмий чакыруусу менен барып келдиңиз. Ал жерде бир топ жолугушуулар болгон экен. Иш сапарыңыздын максаты эмнеде болду?

Сейтек Качкынбай:

— Мени Жапан Тышкы иштер министрлигинин расмий конок катары чакырышында бир канча максат бар деп ойлойм.

Биринчиси, быйыл кыргыз-жапан алакасына 30 жыл болду. Ошонун шылтоосу менен кыргыз-жапан мамилесин өнүктүрүүнү көздөштү. Ал үчүн эки өлкөнүн мамилесин чыңдоого салым кошуп, таасирин тийгизип келе жаткан адам катары мени чакырышканын айтышты, «мүмкүнчүлүгүңүз болсо келип кетиңиз» деп. Ошентип, Кыргызстандан мен жалгыз эле расмий конок катары барып келдим. Бул сапарды май айынан бери пландап жатышкан. Бирок коронавирус пандемиясынан улам июнь айына, андан кийин кайра сентябрга жылды.

Иш сапарым жемиштүү болду. Эртеден кечке жолушуулар, сүйлөшүүлөр болуп жатты. Айрымдар айткандай, «шопингге» убакыт болгон жок.

Жалпы жонунан үч чөйрөдөгү жолугушуулар болду

Биринчиси, Жапандын расмий тараптары менен жолугушуулар. Анын ичинде Тышкы иштер министрлигинин, Борбор Азия жана Кавказ департаментинин жетекчилери, кызматкерлери менен жолугуштук.

Экинчиси, академиялык чөйрөдөгү жолугушуулар.

Өзүңүз билгендей, мен Васеда университетин бүтүргөм. Ошол жерде өзүмдүн профессорум Ито Такаюки жана анын шакирттери менен пикир алыштык. Анда негизинен геосаясий абал, Украина-Орусия согушу, анын Кыргызстанга таасири, согуштун бүтөр-бүтпөсү, дүйнөдөгү абалдын кыргыз-жапан алакасына кандай таасир этери тууралуу ой бөлүштүк.

Мени абдан кубандырганы, Мирлан деген кыргызстандык жигит Хоккайдо университетине илимий кызматкер болуп иштей баштаптыр. Өзү тарыхчы экен, докторлугун быйыл жактаптыр.

Негизи Хоккайдону эки кыргыз багынтты: биринчиси, ыраматылык Ишенбай Абдуразаков Советтер Союзунун Жапандагы башкы консулу болгон. Анын эмгеги баарына белгилүү. Азыр Мирлан деген жигит илимпоз катары иштеп жатат.

Бул окуу жай — оозуң ачыла турган жер, тарыхый архиви абдан чоң. Советтер Союзу учурунда чыккан кыргыз гезиттеринин дээрлик баары бар экен, электрондоштурулган. Ал жакка окуйм дегендерге да мүмкүнчүлүк көп.

Мындан тышкары маданий чөйрөдө да жолугушуулар болду. Менин эмнелерге кызыгарымды сурап, ошого жараша уюштуруп беришти.

«Марал» : — Кыргыз-жапан кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрү кандай? Учурда канча пайызы пайдаланылып жатат?

Сейтек Качкынбай:

Ишкерлердин ортосундагы мамилени күчөтүү керек

— Жапан экономикасынын 99, 7 пайызын чакан жана орто бизнес түзөт. Башкача айтканда, бул өлкөнүн экономикасы дээрлик менчиктен турат десек болот. Демек, биз өзгөчө ишкерлер ортосундагы алаканы бекемдешибиз керек. Жапандын Кыргызстандагы элчиси Маэда мырзанын айтуусуна караганда, кыргыз-жапан алакасынын эки эле пайыз мүмкүнчүлүгү колдонулуп жатат.

Бир фактыны көрсөтсөк, кыргыз-жапан алакасына 30 жыл болду, бирок бүгүнкү күндө Кыргызстанда канча жапан инвестору бар? Кыргыз Республикасынын экономикасына Жапониядан келип, инвестиция кылган жалпы беш эле компания бар.

Ошол эле учурда кыргызга окшогон Монголияда 700дүн тегерегинде жапан компаниясы иш алып барары айтылып жүрөт. Демек, дипломатиялык каналдар активдүү иштеши керек; саясий диалог ачык, активдүү жүргүзүлүшү керек.

Ишкердик чөйрөдөгү көйгөйлөр

Жапан бизнес коомчулугунун Орусия жана жаңы эгемен өлкөлөр/NIS менен экономикалык, бизнес боюнча кызматташуу жаатында иш алып барган ROTOBO Сиңк Танк борборунда болдум.

Негизи кыргыз тараптан кызматташуу тууралуу сунуштар түшөт экен. Бирок биздикилердин арасында эки тараптуу өнөктөштүк мамилени жапан бизнесинин кыргыз базарына субъект болуп кириши катары түшүнбөстөн, көбүнчө жапан тараптын «демөөрчүлүгү» катары түшүнгөндөр бар экен. Эки тарапка тең кирешелүү иш болгондо гана кызматташтык болуп эсептелет.

Мындан сырткары Кыргызстандын бизнес чөйрөсү жапан тарапка кызматташуу тууралуу кайрылганда, эмне бизнес кыларын, кантип эки тарап пайда табарын, эмне үчүн ал бизнес пайдалуу экенин так түшүндүргөн багыт, планын айта алышпайт, башкача айтканда, «вижн» сунушталбайт. Бул да көп маселе жаратат.

Жапан бизнес чөйрөсү: «Кыргыз компанияларынын англис тилинде веб-сайттары жок, алар тууралуу жетиштүү маалымат жок», — деп айтышат. Ушундай көйгөйлөрдү кыргыз бизнес чөйрөсү эске алса, абдан жакшы болмок.

Дагы бир айта кете турган нерсе, Орусиядан 8-9 чоң Жапан компаниясы чыгып кетип жатат. Алардын айрымдары Казакстан менен Өзбекстанга чыгууну пландап жатышат экен. Арасында Борбор Азиянын кайсы өлкөсүндө иш жүргүзүүнү чече электери да бар, ошол үчүн ал компанияларды Кыргызстанга тартууга шанс бар.

«Марал»: — Бул өлкө кайсы багытта алдыга кетип жатат, биз кандай мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышыбыз керек?

Сейтек Качкынбай:

— Жапанда ушул учурда эки-үч багытта иш алып баруу актуалдуу болуп турат деп ойлойм.

Биринчиси, IT тармагы. Себеби жапан дүйнөсү ковид учурунда үйдө отуруп калып, бул тармакты абдан өнүктүрдү. Ошондуктан Жапандын Кыргызстандагы элчиси да аракет кылып, кыргызстандык IT кызматкерлердин биринчи тобу Жапанга кетип жатат. Ага чейин жапандыктар Индиянын адистери менен иштешип жаткан. Бирок алар чаржайыт иштешет экен деп айтышат. Ошого бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, майдараак программаларын жасап берип, Жапандан заказ ала берсе болот.

Экинчиси, айыл чарба тармагы. Мисалы, Хоккайдо аймагы. Анда кар аябай көп жаайт. Ага карабастан күрүч өстүрүшөт, сүтү укмуш сапаттуу деп айтылат. Ошол себептен айыл чарбага басым кылып жаткандыктан биздин ишкерлер же Айыл чарба министрлиги Хоккайдо менен биздин потенциалды караса жакшы болмок.

«Марал»: — Кайсы облус менен кызматташса болот?

Сейтек Качкынбай:

— Мисалы, күрүч өстүрүү жагынан алганда, ошол эле Баткен облусу, Жалал-Абаддагы Сузак району, андан тышкары, Оштогу Кара-Кулжа менен Өзгөндү айтса болот.

Ал эми сүт өндүрүү боюнча, Кыргызстандын бардык эле аймагында сүт өндүрүлөт. Ошол эле Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абадда сүт азыктарын чыгарып жүрүшөт.

Туризм тармагы боюнча айтсам, Жапанда улгайган жарандар абдан көп. Дүйнөдөгү саякатчылардын көбү — жапан пенсионерлер. Биз алардын бир пайызын эле алып келишибиз керек.

Жапандагы чоң туристтик компаниялардын бири HIS өзү Өзбекстандын борбору Ташкентке мейманкана кура баштады. Себеби азыркы президенти Шавкат Мирзиёвди ачык саясат жүргүзгөнү үчүн баалап жатышат.

Биз да Жапандан инвесторлор келишине жана кыргыз ишкерлери да жапан базарына продукциясын алып чыгышына катуу аракет кылалы.

«Марал»: — Кыргызстандын Жапандагы элчиси Мирлан Арстанбаев быйыл август айында кызматтан алынган. Андан бери элчилик бош турат. Жапан менен кызматташуунун мүмкүнчүлүгү көп экенин кыргыз бийлиги канчалык түшүнүп жатат?

Сейтек Качкынбай:

Жапандар бизден бир нерсе күтүп жаткандай

— Жапонияда Кыргызстандын элчилиги 18 жылдан бери иштеп жатат. Кийинки элчи кыргыз-жапан кызматташуусу тууралуу кандай программасы бар, кайсы багытка артыкчылык берет, ошондон көз каранды. Мындан тышкары жапандар бизде бийлик алмашкандан кийин байкап турушат. 2020-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун сапары пландалып жаткан. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу көп сапарлар токтоп калды. Ошол үчүн кийинки жылы Жапанга президенттин расмий визитин уюштуруу боюнча аракет кылышса болот.

Бул биздин Жапанга кызыкдар экенибиздин белгиси болмок. Негизи бул өлкөнүн бизге мамилеси жылуу. Бирок аны жаңы деңгээлге чыгаруу, мүмкүнчүлүктү көбүрөөк пайдалануу тууралуу өздөрү айтып жатышат. Профессионалдык деңгээлде кызматташуунун жаны этабына чыксак деп күтүшүүдө. Кийинки жылдары жок дегенде дагы эки компания Кыргызстанга инвестор болуп келгидей аракет кылуу керек.

Жапанда ишкерлик кылган кыргыздар

Жапан өлкөсүндө бир нече кыргызстандык ишкер менен да жолугушуу болду. Алар жөн турбай 400 миң долларлык компанияларды сатып алып, бул жактан кыргыздарды алып барып иштетип, кыргыз-жапан соодасынын тереңдешине салым кошуп жатышат. Ири компаниялардын аткаруучу директору болгон аялдар да бар. Өзүнүн менчик компаниясын ачкан эки-үч кыргыз бар. Кыргыз өкмөтү буларга да дем берип, кыргыз коомчулугу менен тыгыз иштешип, бир жылда бир жылуу сөзүн айтып турса да шык болмок.

«Марал»: — Сизди социалдык тармактын көпчүлүк колдонуучулары Японияга элчи болушуңузду сунуштап келишет. Эгер бул кызмат сунушталса, иштеп бересизби?

Сейтек Качкынбай:

Жапонияга элчи болуу сунушу түштү

— Сөздүн ачыгын айтканда, Жапонияга Кыргызстандын атынан элчи болуу сунушу бийлик тарапты жандап жүргөн айрым кишилерден түштү. Менин оюмча, алар аракетин да кылып көрүштү окшойт, балким дагы көрүп жатышкандыр, мен аны билбейм. Бирок сунуш болду. Аны кандай кабыл алам же менин талапкерлигимди карайбы, карабайбы, бул менден көз каранды эмес экен.

«Марал»: — Японияга элчи болуп бара турган киши кандай сапаттарга ээ болушу керек? Эмнелерди билиши керек?

Сейтек Качкынбай:

— Биз 18 жылда бир нече элчини көрдүк, сүйлөшсөң, баары эле жакшы, адамгерчиликтүү, билимдүү, жер көргөн, эл көргөн кишилер. Бирок бул жетишсиз. Жапандын спецификасы таптакыр башкача. Жапан башкача дүйнө. Экономикасы дүйнө жүзүндө үчүнчү орунда турат.

Ошондуктан элчи болуп бара турган адам жапан тилин, менталитетин сөзсүз билиши керек. Ар түрдүү чөйрөсүндө тамыры бар, алар менен алака түзүп жүргөн, аларды ичинен билген адам болушу керек.

Жапандар менен англис тилинде сүйлөшсөң, кичипейилдик көрсөтүп, жакшы мамиле кыла берет, бирок жүрөгүн ачпайт. Жапандын ишенимине кирүү үчүн эң аз эки жыл кетет. Алардын тилин, тарыхын билүү керек. Ошондуктан Жапанга дил билги элчи барышы керек. Орусияга салмактуу, саясий же башка чечимдер менен кетсе болот. Бирок Жапан, Кытай сыяктуу өлкөлөрдү ичтен билген адам барышы керек.

«Марал»: — Жапан эли жалпы адамзатка тийиштүү болгон жүрүм-турум эрежелери боюнча көбүнө үлгү болуп келет. Сиз өзүңүз көрүп жүргөн адам катары айтып бериңизчи, алардан эң жөнөкөй эле эмнелерди үйрөнсөк болот?

Сейтек Качкынбай:

— Бул боюнча көп жолу айтылса керек. Мен көп айтылбаган бир нерсеге токтолоюн. Жапанда кишини узатканда аябай жакшы узатышат. Адамдын карааны көрүнбөй калганча, карап турушат.

Илгери кендо менен машыгып жүргөндө агайымдын үйүнө барчумун, ал ити экөө мени узатып чыгышат, мен көрүнбөй калганча күтүп тура берчү, таң калчу элем. Инимдин келинчеги да жапан. Ал да конокторду узатканда көрүнбөй калганча тура берет экен.

Бул жолу Жапанга барганда да коштоп жүргөн киши аэропортко кирип, текшерүүлөрдөн өтүп, андан ары кеткиче күтүп турду.

Бул — адамга мамиле кылгандагы эң сонун кичипейилдик. Андан тышкары көңүл буруп жатканын билдирип, эки адамдын жолугушуусунда телефон караган адам жок. Бул жапанда тарбиясыздыктын жеткен чеги десек болот. Мунун баары майда нерселер деп кабыл алабыз, бирок майда эмес.

1 пикир

1 пикир

  1. Таалайгул

    26.09.2022 17:41

    АйТи тармагы онуккон болсо. Программисттер керектелет. Мени кызым программист.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM