Биз менен байланышыңыз

ИИМ: 20дай адам интернеттеги билдирүүлөрү үчүн милицияга чакырылды

Кыска кабар | 23 Сен 2022 | 268 | 0

Кыргызстанда 20га жакын жаран социалдык тармактагы баракчасына улуттар аралык кастыкты козутууга алып келген билдирүүлөрдү жарыялашканы үчүн ички иштер министрлигине чакырылды.

Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

«Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда жогорудагы жарандар аныкталып, ички иштер органдарынын тергөө кызматтарына жеткирилишкен. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тергөө амалдары өткөрүлүүдө» , — деп айтылат маалыматта.

Министрлик аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси («Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу») боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM