Биз менен байланышыңыз

Тилди үйрөтүү үчүн муктаждык, зарылчылык жаратуу керек

Коом , Саясат | 23 Сен 2022 | 799 | 0

Бүгүн, 23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик тил макамына ээ болгонуна 33 жыл толду. Бул күн 1989-жылдан бери өлкөдө Кыргыз тили майрамы катары белгиленип келет.

Адистер мамлекеттик тил жылына бир жолу мыйзам кабыл алынган күнү гана эстелип, тил жаатында натыйжалуу саясат иштелип чыкпаганын сындап келишет.

Канткенде эне тилди бузбай сактап кала алабыз? Канткенде эне тилди илимдин, заманбап технологиялардын, маданияттын тилине айландыра алабыз? Канткенде эне тилге башкалардын кызыгуусун жарата алабыз? Бул жаатта атайын адистердин пикирин тыңдадык.   

Бүгүн Президент Садыр Жапаров өлкө калкын мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, кыргыз тили мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланганын айтты.

Анткен менен жашоодо кыргыз тили орус тилине караганда алсыз болуп, орус тили үстөмдүгүн бербей жатканы байкалып келет. Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө түздөн-түз жоопкерчиликтүү болгон Өкмөт өзү маалыматтарды ар дайым биринчи орус тилинде, андан соң кыргыз тилинде жарыялайт.

Ошол эле учурда мамлекеттик бийлик өкүлдөрү да кыргыз тилин 23-сентябрга жакын эстешет. Тил күнүнө карата анча-мынча макалалар которулуп, кыргыз тилинде китептер басылып чыгып, «чоңдордун» катышуусунда «бир күндүк шаан-шөкөт» уюштурулуп, бирок арадан эки-үч күн өтпөй таптакыр унутулат.

Акын Улукбек Омокеев мамлекет эгемендиктин 31 жылында ыраатка салынган, натыйжалуу тил саясатын иштеп чыга алган жок деген пикирде. Анын айтымында, шаарларда жана айыл жергесинде кыргыз тилин жайылтуу аракеттери чабал жүрүүдө жана мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билгендер азайып жатат.

«Жогорку деңгээлде сүйлөй алган, жаза алган, оюн жеткире алган муун жоголуп бара жатат. Айыл жергесиндеги абал деле ушул. Биз: «Мамлекеттик тилди жөн эле сүйлөгөн муунду калыптандыра алсак эле болду», — деген эмес, эркин сүйлөй алган, кыргыз тилинде жаза алган, илимий иштерди, чоң долбоорлорду жаза алган муунду тарбиялашыбыз керек эле. Бирок тилекке каршы, андай болгон жок».

Жарандык коом өлкөдө мамлекеттик тилге жакшы көңүл бурулбай, мекеме-ишканалардагы кагаз иштери негизинен орус тилинде жүргүзүлөрүн, жыйындар орусча болорун сындап келет.

Тил саясатынын мониторинги жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Алфира Супатаева мамлекеттик мекемелерде иш кагаздары 4%дан 44%га чейин гана кыргыз тилинде жүргүзүлөрүн, анысынын да сабаттуулук деңгээли өтө төмөн экенин билдирди.

«Көбүнесе бул жерде стилистикалык, орфографиялык каталар, терминологиялык түшүнүктөрдү кыргыз тилине которууда бирдиктүү термин принцибинин жоктугу, котормо маселесинде сөзмө-сөз которуу сыяктуу кыргыз тилиндеги документтердин сабатсыздыгын көрсөткөн бир катар көйгөйлөр бар. Буга байланыштуу биз жыл сайын бир айлык жарыялап, сабаттуу жазуу акциясын өткөрүп, коомчулукту, мамлекеттик кызматкерлерди катышууга тартып, жат жазуу жаздыруу сыяктуу иштерди жүргүзүп келебиз».

Ал эми Бишкек мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Элвира Ниязбекова мэрияга караштуу мекеме жана уюмдарда иштеген кызматкерлерге кыргыз тилин үйрөтүүчү курстар өткөрүлүп келерин айтат. Иш кагаздары толугу менен кыргыз тилинде жүргүзүлө баштаган.

«Бишкек шаарынын мэриясында үстүбүздөгү жылдын 1-августунан баштап иш кагаздарын кыргыз тилине толук өткөрүү боюнча буйрук чыккан. Анын негизинде мэрияга караштуу мекемелерден расмий тилде келген иш кагаздар кабыл алынбайт, кыргыз тилинде жазылып келсин деген талап коюлуп, артка кайтарылат. Бүгүнкү күндө бардык мекемелерде иш кагаздар кыргыз тилинде жүргүзүлүп жатат».

Педагогика илимдеринин доктору Таалайбек Үмөтов айлана-чөйрө орус тилинде сүйлөп, кызмат көрсөтүүлөрдүн көпчүлүгү расмий тилде болуп жаткандыктан улуулардан баштап, балдарга чейин баары орусча сүйлөп, кыргыз тили унутулуп бара жатканына кейийт. Ал балдар үчүн мультфильмдер, анимациялык роликтер кыргыз тилинде тартылбай жатканын сынга алды.

«Балдар үчүн тасмалардын, мультфильмдердин баары орус тилинде. Эмне үчүн биздин балдар «Человек паук», «Шрэк» деген каармандарды кумир тутуп, аларга окшошкусу келет? Анткени ошолорду эле көрсөтүп жатышат. «Манас», «Кожожаш», «Сейтек» жөнүндө мультфильмдер жок бизде. Эгер биз балдарга кыргыз тилин үйрөтөлү десек, анда ошолордун баарын чыгарып, тасма аркылуу жеткиришибиз керек».

«Тил жоголсо, улут жоголот, улут жоголсо, мамлекеттүүлүк жоголот» деген акын Жыпар Исабаева глобалдашкан учурда жаш ата-энелер балдарынын тили орусча жана англисче чыкса сүйүнөрүн, бирок бул өтө чоң трагедия экенине айтат.

«Тили жаңы чыгып жаткан балдарды көрүп, жүрөк жанчылат. Балдар бала бакчага, мектепке барбай туруп, тили чыкканда эле башка тилдерде сүйлөп, өзүнүн эне тилин түшүнбөй калып жатат. Бул — өтө коркунучтуу жана чоң трагедия. Анткени келечек муундун эне тилин билбей калышы кыргыз тилине залакасын тийгизет. Ошондуктан ата-эне баланы курсактагы кезинен баштап тилге, элди сүйүүгө тарбиялашы керек».

Бишкек шаарынын тургундары көбүнчө орус тилинде сүйлөп, ал эми айыл жергесиндеги балдар кыргыз тилинен башка тилди үйрөнбөй калып жатканы да маселе.

Шаарда эл кыргыз тилин күнүмдүк жашоосунда канчалык колдонот?

«Мен кыргызча сүйлөйм. Бирок неберелерим орусча сүйлөшөт. Азыр эле неберем: «Ата, бул сөздү которуп берчи», — деп айтты. «Кыргызча сүйлөгүлө, бул силердин эне тилиңер, аны унутпагыла», — деп дайыма урушуп турам».

«Ар бир мамлекет өзүнүн тилинде сүйлөшү керек. Биз да аралаштырбай, жалаң кыргызча сүйлөшүбүз керек. Кыргыз тилинен артык эч нерсе жок да».

«Мен муктаждыктарымдын баарын кыргыз тилинде канааттандырам. Ал эми калган тилдерди болсо өзүмдүн кызыгуума жараша».

Жалпы өлкө боюнча 2300гө жакын мектеп болсо, анын 1400дөн ашыгы таза мамлекеттик тилде билим берет. Ал эми 900гө жакын мектепте орус, өзбек, тажик, англис тилдеринде же аралаш тилде (кыргыз класстар да бар, орус класстар да бар) окутат. Ошол эле учурда айрыкча, шаар жеринде балдарын орус тилдүү мектептерге же класстарга берүүгө умтулган ата-энелер көп. Бала кезинен башка тилде билим алгандарга 11-классты бүткөндөн кийин эне тилин үйрөтүү майнапсыз экенин адистер баса белгилешет.

Copyright © 2017 Maral FM