Биз менен байланышыңыз

Сотто Курсан Асановдун иши каралууда

Кыска кабар | 23 Сен 2022 | 222 | 0

Бүгүн, 23-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча айыпталган. Отурумда Асановго сөз берилди.

Курсан Асанов 2011-жылдын апрелинен 2019-жылга чейин ички иштер министринин орун басары кызматын аркалаган. Ал 2019-жылдын 13-августунда «ишенимди жоготкондугу үчүн» деген негизде кызматтан алынган.

Асанов 2021-жылы 14-сентябрда бийликти күч менен басып алууга шектелип, Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалган. Ага чейин 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча эки жолу кармалып, эки жолу үй камагына чыккан.

2021-жылы 11-январда өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM