Биз менен байланышыңыз

Эдил Байсалов кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай тууралуу айтты

Кыска кабар | 20 Сен 2022 | 544 | 0

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов BBC кыргыз кызматынын Лондон студиясына маек куруп, кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай тууралуу айтты.

Ал Тажикстан тараптан Кыргызстанга агрессиялык кол салуу болду деген оюн билдирди.

«Окуя чыккан күнү биздин президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Самарканд шаарында ШКУ саммитинде болгон. Ошол жерде уюмга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин баары түздөн-түз маалымат алышкан, фактынын негизинде гана. Ал фактылар мындай, Кыргыз Республикасына алдын ала даярдалган агрессиялык кол салуу болду.

Эл аралык мыйзамдар боюнча да «тынчтыкты бузуу» кылмышы катары бааласак да болот. Мен да айтып коюшум керек, биз кечээ мамлекеттин ондогон жетекчилери менен сүйлөштүк, баарындагы маалымат, фактыларда чындык Кыргызстан тарапта экени, кол салуу болгону тастыкталып турат» , — деди Байсалов.

Эдил Байсалов Лондонго Британ ханышасы Елизавета II акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн барган. Тажыя 19-сентябрда өттү.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон кандуу окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады.

Бул окуяда Кыргызстандын 59 жараны курман болуп, 200гө жакын киши жабыркады, 140 миңден ашык жаран өз үйлөрүнөн коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM