Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Кыргызстан жасай турган укуктук кадамдар (юристтин пикири)

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Сен 2022 | 1087 | 0

14-17-сентябрда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуя кайталанбоосу үчүн Кыргызстан кандай кадамдарга баруусу зарыл?

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева «Марал» радиосунун «Күн чабыт» программасында айтып берди.

Кыргызстан көптөгөн мыйзамдык механимздерди колдонсо болот

Ирети менен айта турган болсок, кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяны «Тажикстан тарабынан агрессия жасалды» деген актыны жарыялаш керек болчу. Бул ишти Тышкы иштер министрлиги аткарды. Мындай кадам Кыргызстан үчүн жакшы жетишкендик.

Муну 2021-жылы кандуу окуя чыкканда эле жасоо абзел эле. Министрлик бул кайрылууну абдан кылдат, мыйзамдык механизмдерди карап, дипломатиялык деңгээлде иштеп чыккан экен, бул мени абдан сүйүндүрдү.

Экинчиден, бизде массалык маалымат каражаттары абдан сапаттуу иштейт. Ошондуктан эл аралык деңгээлдеги дискредитацияны токтоттук.

Мындан тышкары, кечээ Тажикстандын Тышкы иштер министринин орун басары брифинг өткөрүп, «силер Кыргызстандагы тажик жарандарын басмырлап жатасыңар» деген билдирүү кылды жана көптөгөн айыптоолорду койду. Бул боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги дароо жооп бергени да жакшы аракет.

Башкы прокуратура кандай иштерди жүргүзөт?

Тажикстан тарабынан былтыр болгон куралдуу кол салууда да, буга чейинки болгон жаңжал боюнча да Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бирок тергөө иштеринин жыйынтыгы кандай болгону алигече белгисиз, комиссияга жарандык коомдун өкүлдөрү да кирген эмес.

Негизи жыйынтык бир канча жылдан кийин да чыгышы мүмкүн. Бирок ар бир окуяга укуктук баа берилүүсү зарыл.

Прокуратура тергөө иштерин жүргүзүп, Кыргызстандын ичинде кабыл алына турган сот чечимдерин чыгарып, тергөөнүн жыйынтыгын дипломатиялык нота менен Тышкы иштер министрлиги аркылуу Тажикстанга жиберүү керек.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги аны тергөө тобуна жөнөтүп, өздөрүнүн материалдарын бизге өткөрүп берет. Ошентип, эки тараптуу изилдөөлөр болгондон кийин эки өлкөнүн Башкы прокуратураларынын жетекчилигинин астында комиссия түзүлөт. Ошол эки тараптуу комиссиянын негизинде тергөө бирдей жүргүзүлөт.

Чек арадагы ар бир окуяга укуктук баа берилиши маанилүү

Чек арада катталган ар бир окуяны өтө дыкаттык менен карап, маалыматтарды фактылар менен медиага чыгарып, укуктук баа берип, Тажикстан тарапты дипломатияга чакыруу керек. Буга чейин ушундай аракеттерди кылсак, учурдагыдай согуш абалына жетмек эмес.

Кыргызстан геосаясий оюндун курмандыгы болуп калды

Тажик тарап канчалык агрессия көрсөтсө да, биздин бийлик ошончолук «башын ийип» келди. Эми тажик диктатор бийлиги чоң агрессиялык согуш ачты. Акыркы окуяда бир гана тажик аскерлери эмес, террордук топтун өкүлдөрү да жүрдү. Демек, бул уюшкан, акча төлөнүлгөн топ. Аны ким каржылап жатат, бул чоң суроо.

Менин жеке пикирим боюнча, бул үчүнчү күчтүн өзгөчө буюртмасы болду. Акыркы окуя чек аралык тартыш эмес, мында Кыргызстан геосаясий оюндун курмандыгы болуп калды. Ошол геосаясий оюндун агрессивдүү аткаруучусу — Тажикстан. Ошондуктан, бул маселени Кыргызстан эл аралык коомчулукка жеткирүүсү керек.

Президент Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат

Биз, юристтер тобу, кыргыз-тажик чек арасындагы агрессия боюнча бардык фактыларды топтоп, материалдык далилдердин базасын түздүк. Аны мамлекет башчысына тапшырдык.  Президент БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн өзү менен кошо алып кетти.

БУУ – дүйнөлүк уюм.  Уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен президентибиздин жолугушуусунда көп деле нерсе чечилип кетпейт. Бирок БУУнун трибунасында чыгып сүйлөө маанилүү. Бул жакта чек ара маселеси тууралуу айтуунун эң негизги максаты – Тажикстан Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө кол салганын, жарандарын өлтүргөнүн, гуманитардык зыян келтиргенин дүйнө коомчулугуна жарыялоо. Муну менен Тажикстанга карата санкцияларды талап кылыш керек.

Тынчтык орногонго чейин такталбаган аймактарды делимитация, демаркация иштерин токтотуу зарыл

Жогоруда белгилегендей, Башкы прокуратура кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Комиссия түзүлөт, тергөө иштери жүргүзүлөт.  Ошол иштердин алгачкы жыйынтыктары чыкмайынча, Тажикстан менен Кыргызстандын такталбаган аймактарын делимитация жана демаркациялоо иштерин токтотуу керек.

Себеби Тажикстан дипломатиялык деңгээлде Кыргызстанга карата агрессия актысын жасаганын моюндамайынча ага санкциялар ачылбайт.

Дүйнөлүк коомчулук Тажикстандын Кыргызстанга карата жасаган агрессиясын айыптап чыгуусу абзел.

Андан кийинки бардык иштер дипломатиялык негизде гана жүргүзүлүүгө тийиш.

БУУнун кандай мүмкүнчүлүгүн колдонсо болот?

Тажикстан Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө кол салды. Бул чоң кылмыш. Дүйнөлүк уюм буга сөзсүз баа берет.

Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Коопсуздук кеңешине Кыргызстан кайрылышы керек. Ооба, ал жерде иштер жылдап каралышы мүмкүн, бирок бизге эң негизгиси кайрылуу, узакка созулса да жыйынтык чыгат.

БУУга эки учурда кайрылса болот:

Уюмдун алдындагы Коопсуздук кеңеши саясий маселелерди карайт. Ага «Тажикстан Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө кол салды» деген негиз менен кайрылуу керек. Бул — өтө чоң кылмыш.

Дагы бир бөлүмү жалпы адам укуктары боюнча кайрылууларды карайт. Чек арадагы окуяда адам өлүмү, кыйроолор болду, бул да чоң далил.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечими өлкөнүн саясий келечеги үчүн абдан маанилүү, бирок көп жылда чыга турган чечим.

Парламенттин милдеттери

Юристтер тобу былтыр май айында президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, анда Рим статутун ратификациялоону өтүнгөнбүз. Ал келишимди ратификациялоо үчүн документтердин топтому даярдалып берилген. Бирок ратификация болбой жатат.

Рим статуту — эл аралык кылмыш сотун түзгөн келишим. 1998-жылдын 17-июлунда Римде өткөн дипломатиялык конференцияда кабыл алынган жана 2002-жылдын 1-июлунда күчүнө кирген. Устав соттун функцияларын, юрисдикциясын жана түзүмүн белгилейт.

Мен Жогорку Кеңештен өтө суранат элем, бул келишимди карап, талдап чыгып, өз өлкөбүздө ратификация кылышыбыз керек. Бирок ага чейин деле мамлекет да, жарандык коом да жалпы эл аралык механизимдерди колдонуп, Эл аралык кылмыш сотуна кайрылса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM