Баткендин Ак-Сай айылындагы 180ден ашуун үй тажик тараптын куралдуу кол салуусу учурунда талкаланган. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикерим Алимбаев билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен районунун Ак-Сай айылында болжол менен 180 үй өрттөлгөн. Учурда айылдын аймактары тазаланып, атылган октор зыянсыздандырылууда. Ал аймактын коопсуздугу каралгандан кийин, комиссия кирип, материалдык жоготуулар эсептелет.
Ак-Сайдын тажик тараптын куралдуу кол салуусунан кийинки көрүнүшү Азамат Убраимов менен Жолборс Пайзилдаевдин фоторепортажында.