Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков чек арада курман болгондордун жакындарына көңүл айтты

Кыска кабар | 19 Сен 2022 | 619 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков чек арада курман болгон жарандардын жакындарына көңүл айтты.

Ал фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, оор кырдаалда өлкө жетекчилигинин, чек арачылардын кырдаалды турукташтыруу ишин колдоп, мамлекеттин бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн биримдикте коргоого чакырды.

«Курман болгон жарандарыбыздын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, баарыбызга сабыр тилейм. Маркумдардын жаны Бейиште болсун! Жараткан өзү жар болуп, жарадар мекендештерибиз тезирээк сакайып кетишсин!

Ушул оор күндөрү Мекенибиздин Туусунун алдында бир муштум болуп түйүлүп, ынтымак, сабырдуулук менен ар бирибиз колубуздан келген жардамды бердик. Өлкө жетекчилигинин, чек арачыларыбыздын кырдаалды турукташтыруу ишин мындан ары да колдоп, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн биримдикте коргойлу! Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок!» — деп жазылат билдирүүдө.

Бүгүн, 19-сентябрь — Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү.

14-17-сентябрда Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Тажикстандын куралдуу кол салуусунда Кыргыз Республикасынын 59 жараны курман болду. Жабыр тарткандар 160тан ашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM