Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Баткен облусуна 89 медкызматкер жөнөтүлдү

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 161 | 0

Баткен облусуна 89 медициналык кызматкер кесиптештерине жардам көрсөтүү үчүн жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин жарандык коргонуу секторунун бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер жана медайымдар Ош, Жалал-Абад облустарынан жана Бишкек шаарынан жөнөтүлдү.

«Алардын ичинен 37 дарыгер Лейлек районунда жарандарга жардам берүүдө. Ошондой эле Кызыл-Кыя жана Ош шаарларынан дарыгерлердин бригадасы Баткен районунда иштеп жатат», — дейт ал.

Калмаматов кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан 134 кыргызстандык жабыркаганын айтат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM