Биз менен байланышыңыз

Баткен элине 17,5 млн сомдон ашык каражат топтолду

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 116 | 0

18-сентябрь саат 11:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатында жарандардан жана башка ыктыярчылардан 17 млн 426 миң 626,22 сом келип түштү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.

Белгилей кетсек, атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле абийирсиз жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.

Эскерте кетсек, акча каражаттарын «кайрымдуулук» негизде жөнөтүү үчүн 4409021103005073 — «Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты» атайын эсеби ачылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM