Биз менен байланышыңыз

17-сентябрь: чек арадагы окуялар тизмеги

Блог , Кыска кабар | 17 Сен 2022 | 2474 | 0

Бүгүн, 17-сентябрга караган түнү тынч өттү. Бирок абал чыңалуу бойдон турат. Ал эми тажик агрессиясынан улам каза болгондордун саны 24 деп айтылды.

Саат 17:00

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2022-жылдын 17-сентябры саат 16:00гө карата (оперативдүү маалымат) саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 122 жабырлануучуну түзөрүн, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт.
1. Баткен облустук бириккен ооруканасы – 41 жабыркаган;
2. Лейлек ЖДПБ — 35 жабырлануучу;
3. Кулунду ЖДПБ — 3 жабырлануучу;
4. Сүлүктү ЖДПБ — 6 жабырлануучу;
5. Улуттук госпитал – 21 жабырлануучу;
6. Улуттук хирургиялык борбор – 1 жабырлануучу;
7. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 7 жабырлануучу;
8. Ош облустук бириккен ооруканасы – 1 жабырлануучу.

Учурда Баткенден жабыркагандардын айрымдары атайын учактар менен Бишкектеги саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилип жатат, такталгандан кийин кошумча маалымат берилет.


Саат 16:00

Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан жабыркагандар тууралуу маалымат
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2022-жылдын 17-сентябры саат 14:00гө карата (оперативдүү маалымат) саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 121 жабырлануучуну түзөрүн, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт.
1. Баткен облустук бириккен ооруканасы – 41 жабыркаган;
2. Лейлек ЖДПБ — 35 жабырлануучу;
3. Кулунду ЖДПБ — 3 жабырлануучу;
4. Сүлүктү ЖДПБ — 6 жабырлануучу;
5. Улуттук госпитал – 21;
6. Улуттук хирургиялык борбор – 1;
7. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 6;

8. Ош облустук бириккен ооруканасы – 1 жабыркаган.

Саат 15:40 

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча эки өлкөнүн чек ара кызматынын башчылары сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу чек ара кызматы маалымдады.

Кыргызстандын чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев менен тажик чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, натыйжада тажик тарап Чоң-Алай районун чек арадагы айылдарына ок атуусун токтоткон.

Маалыматта тажик тарап Карамык, Тешик-Таш жана Кароол-Дөбө айылдарын саат 14:20да артиллериялык курал жана минометтер менен аткылоону токтоткон.


Саат 15:00

КыргызстандынТышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Минг менен телефон аркылуу сүйлөштү

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды талкуулашты. Чек арадагы абал боюнча акыркы маалыматтар эл аралык уюмдун жетекчисине жеткирилди. Ошону менен бирге кыргыз тарап кризисти эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн саясий жана дипломатиялык жол менен тынчтык жолу менен чечүү боюнча өзгөрүүсүз позициясын билдирди. Кыргызстан күч жана кырдаалды курчутуу саясатын кабыл албайт.

ШКУнун Башкы катчысы каза болгон аскер кызматкерлеринин жакындарына, жайкын тургундарга жана жабыркагандарга көңүл айтып, ошондой эле эки коңшу мамлекеттин ортосундагы түзүлгөн кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды.


Саат 13:30

саат 12.37де Чоң-Алайдын Тешик-Таш, Карамык, Кароол-Дөбө айылдарында жайгашкан КР чек арачыларын көздөй ок атылганын УКМКнын чек ара кызматы кабарлады.

Тажик тараптын аткылоосуна кыргызстандык жоокерлер жооп кайтарып, бирок абалды курчутпоо үчүн атышууну биринчи болуп токтоткон.

Ушу тапта эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү күтүлүп жатат.


Саат 12:45 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анда ал чек арада окко учкан мекендештердин жакындарына көңүл айтты.

Ошондой эле мекен сакчыларынын күжүрмөн эмгегин, тайманбастыгын айтып, Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү бекем сакталат, — деп билдирди.

Мындан сырткары тажик тарап дагы оор жоготууларга учураганын айтып, ошентсе да кыргыз-тажик чек арасын ыкчам тактоо аракеттери көрүлөрүн кошумчалаган. Кайрылуунун толук тексти бул шилтемеде:


Саат 12:31

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругу менен Баткен облусунда болуп жаткан окуялардан жабыркаган мекендештерге жардам көрсөтүү боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Ыкчам штабга Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жетекчилиги жана өлкө аймагындагы казылар киришип, райондордун борборлорунда жардам чогултуу пункттарын ачуу боюнча иштер башталды.

Штабдын ишин Азирети Муфтий Замир кары Ракиев өз көзөмөлүнө алып, уюштуруу иштерин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиевге тапшырды.

Муну менен катар Азирети Муфтий өлкөдөгү расмий дин кызматкерлерине намаздарда мамлекетибиздин бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин тилеп, дубаларды кылуу жана хатм Курандарды баштоо боюнча тапшырмаларды берди. 

ЭСКЕРТҮҮ: райондун борборлорунда ачылган жардам чогултуу пункттарынын даректери боюнча кошумча маалыматтар берилет.


Саат 12:25

Жогорку Кеңештин депутаттары жана Аппарат кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдан жабыркагандар үчүн кан тапшырат.

Муну менен катар Баткендеги кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Бишкек жана Ош шаарларында түзүлгөн атайын штабдар тийиштүү жумуштарды алып барууда. Учурда депутаттар тобу Баткен облусунда жана Ош шаарында жүрөт. Жергиликтүү тургундар аталган штабдарга кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал эми эл өкүлдөрү жарандар тарабынан түшкөн кайрылууларга жана айтылган сунуш-пикирлерге ылайык Министрлер кабинети менен бирге керектүү чараларды көрүүдө.


Саат 11:45

Лейлек районундагы Достук айылы кайрадан тажик тараптын аткылоосуна дуушар болду. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы билдирди.

Маалыматта бүгүн, 17-сентябрда саат 11:15те тажик аскерлери Достук айылына минометтен ок чыгарышкан. Тактап айтканда үч позициядан миномет менен аткылоого алган.


Саат 11:05

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, учурда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Баткендеги куралдуу кол салууда жабыркаган 8 жаран бар.

Аталган борбордун директору Гүлзат Маймерова 17-сентябрга караган түнү 6 балага операция жасалганын билдирди.

«Эң кичине пациент 9 айлык наристе. Ал жеңил трамва алган. Операция болгондордун төртөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Ал эми бир жарым жаштагы бала октон жаракат алган. Ага операция жасалып, учурда абалы стабилдүү. Оң жакка жылыш бар» — деп билдирген Акипресс маалымат агенттигине.


Саат 10:45

Германиядагы BIZ e.V. уюму учурда  өлкөдө болуп жаткан өзгөчө кырдаалга байланыштуу кагылышуудан жабыр тарткан Баткендин тургундарына финансылык жактан көмөк көрсөтүүнү чечкенин билдирди.

Маалыматта чогулган каражат «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фонду аркылуу жашаган жерлеринен эвакуация болгон адамдардын муктаждыктарына (баш-паанекке, күйүүчү майга, дары-дармекке жана кийим-кечеге) жумшалары айтылат.

Германиядан көмөк көрсөтүүнү каалагандар үчүн банктын координаттары:

Bank: Volksbank
Kontoinhaber: BIZ e.V.
Verwendungszweck: Batken 2022
IBAN: DE45 5139 0000 0072 5507 06
BIC: VBMHDE5F

Саат 10:15

Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн, 17-сентябрь саат 9:00гө карата (оперативдүү маалыматтар) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпысынан 103 жабырлануучу жаткырылганын билдирди. Анын ичинен 5 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт.

Жарааттардын мүнөздөмөсү боюнча, негизинен, дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар.

1. Баткен облустук бириккен ооруканасы — 41 жабырлануучу;

2. ЖДПБ Лейлек — 21 жабырлануучу;

3. ЖДПБ Кулунду — 3 жабырлануучу,

4. ЖДПБ Сүлүктү – 6 жабырлануучу,

5. Улуттук госпиталда — 20 жабырлануучу,

6. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.

7. Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна – 6 жабырлануучу жаткырылган.


Саат 09:45

Түркиянын тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу кагылышууга тынчсыздануусун билдирди.

«Биз эки дос жана тууган өлкөлөрдүн ортосундагы чыңалуу басаңдап, ок атуу тез арада токтойт деп ишенебиз. Ошондой эле абал кандайдыр бир эскалацияга жетпей, тынчтык жолу менен диалог аркылуу чечилет деген үмүттөбүз» — деп айтылат Түркия ТИМинин билдирүүсүндө.


Саат 09:44

Тажикстан кайрадан макулдашууну бузуп, саат 8:50дөн 8:55ке чейин Баткен районунун Паскы-Арык тилкесине минометтон ок чыгарды. Аткылоо беш мүнөткө созулган.

УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан бөлүмдөрүнүн өздүк курамы учурдагы кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.


Саат 08:30

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЕККУнун учурдагы төрагасы, Польшанын Тышкы иштер министри Збигнев Рау, ошондой эле ЕККУнун Башкы катчысы Хельга Шмид менен телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Алар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты.

Кыргыз тарап учурдагы абал боюнча актуалдуу маалыматтарды жеткирип, Кыргызстан деэскалацияга умтулуусун жана кырдаалды саясий жана дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу боюнча өзгөрүүсүз позициясын баса белгиледи.

Өз кезегинде ЕККУнун өкүлдөрү келип жаткан кабарларга терең тынчсыздануусун белгилеп, чыр-чатактын курчушуна жол бербөөгө жана аны тынчтык жолу менен чечүүгө чакырышты.

Ошону менен бирге тараптардын конструктивдүү диалог түзүү аракетин кубаттап, мурда жетишилген ок атууну токтотуу келишимдерин урматтоого чакырышты.


Саат 08:00

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 17-сентябрь саат 08:00гө карата чек арадага абал чыңалуу бойдон турганын, ошол эле убакта стабилдешүү тенденциясына жакыныраак деп билдирди.

Тажикстан менен чектеш аймактарда түн тынч өтүп, куралдуу кагылышуу болбогонун кошумчалады. Учурда чек ара кызматынын өздүк курамы толугу менен Баткенде күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.


Саат 02:00

Ыкчам маалыматтар боюнча түнкү убакытка карата 24 адам мерт кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул түнкү саат 01:30га алынган маалымат. Министрлик кошумча кабар берилерин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM