Биз менен байланышыңыз

ШКУ саммити: Өзбекстанда президенттерди кандай тосуп алышты? (фото)

Блог | 15 Сен 2022 | 3363 | 0

15-16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити өтүүдө. Саммитке башчылык кылган Өзбекстан 14-сентябрдан тарта уюмга мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн президенттерин тосуп ала баштады.

Саммитке катуу даярдыктар көрүлүп, Самарканд шаарындагы бир катар көчөлөр оңдолуп, тарыхий объектилер реставрацияланган. Ошондой эле саммиттин коопсуздугу үчүн бир катар көчөлөр жабылган.

Самарканддагы ШКУ саммитине байланыштуу мектептердин ачылуусу 20-сентябрга жылдырылган.

Самарканд эл аралык аэропорту саммитке байланыштуу кайрадан оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

ШКУ саммити үчүн «Жибек Жолу-Самарканд» туристтик шаарчасы 2 жылда курулуп бүткөн. Ал шаарды аралап өткөн каналдын жээгине курулуп, аянты 260 гектарды ээлейт. Жаңы шаарчада конокторду кабыл алуучу конгресс-холл, 4 жылдыздуу 6 мейманкана, ал эми 5 жылдыздуу эки мейманкана да курулган.

Саммиттин расмий жолугуушулары жаңы курулган Конгресс борбордо өтөт.

ШКУга мүчө мамлекеттердин маданияттарын чагылдырган иш-чаралар Самарканддын эс алуу бактарынын биринде уюштурулган.

ШКУ саммитинин алкагында, 14-сентябрда алгачкылардан болуп Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух расмий иш сапары менен Самаркандга келди.

Ошол эле күнү Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раиси да саммитке катышуу үчүн Өзбекстанга келди.

Иран учурда ШКУга байкоочу мүчө катары чакырылган. Бул саммиттин алкагында Ирандын байкоочу статусу расмийлештирилип, аларга Жакынкы Чыгыштагы кошуна өлкөлөрүн ШКУга үндөө мүмкүнчүлүгү берилери күтүлүүдө.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да кечээ, 14-сентябрда ШКУ саммитине катышуу үчүн Самарканд шаарына учуп кеткен.

Аны аба майдандан Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов тосуп алды.

Садыр Жапаров Самаркандда Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун мавзолейине барып гүл коюп, элесине арнап куран окуду.

Ал эми Армениянын өкмөт башчысы Николь Пашинян армян-азербайжан чегиндеги кырдаалга байланыштуу саммитке келе албастыгын билдирди.

Өзбекстанга Кытай лидери Си Цзиньпин бул жолу мамлекеттик сапары менен келди. Аны өтө жогорку деңгээлде тосуп алуу үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев аба майданга өзү барган.

ШКУ саммитине катышуу үчүн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да Самаркандга бүгүн, 15-сентябрда таң эрте барды.

Ал дагы маркум президент Ислам Каримовдун мавзолейине гүл койду.

Тажик президентин артынан Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун учагы Самарканд эл аралык аба майданына келип конду.

Ал эми Орусия президенти Владимир Путиндин учагы жергиликтүү саат 09:29да келип конгон.

Владимир Путинди аба майдандан Өзбекстандын өкмөт башчысы Абулла Арипов тосуп алды.

Пакистандын өкмөт башчысы Шахбаз Шариф да бүгүн, 15-сентябрда Самаркандга келди.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев азербайжан-армян чек арасындагы курч кырдаалга карабай саммитке катышуу үчүн Өзбекстанга учуп келди.

Соңку сааттарда Белоруссиянын өлкө башчысы Александр Лукашенконун учагы Самаркандга келип конгону айтылды. Белгилей кетсек, ШКУ саммитинин күн тартибинде Белоруссияны уюмга кабыл алуу каралат.

Түркиянын президенти Режеп Таййып Эрдоган да бул саммитке чакырылган. Ал бүгүн, 15-сентябрь кечке жуук Самаркандга келери күтүлүүдө.

ШКУ саммиттине келген өлкө башчыларын бүгүн Өзбекстандын президенти жеке кабыл алып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

Бүгүн кечинде саммитке келген лидерлер үчүн Самарканддын тарыхий бөлүгүндөгү этно шаарчада атайын сый-тамак уюштурулат.

ШКУ саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да бир катар өлкө жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүүдө. Толугураак бул шилтемеден окуңуз:

Садыр Жапаров Кытайдын президенти менен жолугушту

Жапаров Путин менен жолугушту

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM