Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Кытайдын президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 15 Сен 2022 | 548 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Мамлекет башчылары кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Садыр Жапаров ынак коңшулукка, достукка жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кыргыз-кытай мамилелеринин мындан ары да өнүгүүсү эки өлкөнүн элинин кызыкчылыгына жооп берип, стабилдүү өнүгүүгө өбөлгө түзөрүн  белгиледи.

Садыр Жапаров кыргыз тараптын «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну тездетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

«ШКУнун саммитинин алкагында бул долбоор боюнча үч тараптуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу кытай, кыргыз жана өзбек тараптарынын мындан аркы практикалык биргелешкен аракеттери үчүн маанилүү негиз болуп каларына ишенем. Бул документ Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын жолду куруудагы ниеттеринин биримдигин бекемдейт», — деди ал.

Си Цзиньпин Жапаров менен ушул жылдын февралында болгон жолугушуусу жемиштүү болгонун, бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир катар макулдашуулар жетишилгенин эске салды. Ошондой эле Кытай Кыргызстандын реформаларды өткөрүү боюнча аракеттерин колдоорун белгиледи.

Ал «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушун, Чүй облусунда ирригациялык каналдарды куруу долбоорун, жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүнү колдой турганын жана буга кызыкдар экенин белгиледи.

Цзиньпин Садыр Жапаровдун Кыргызстанга сапар менен келүү боюнча чакыруусун кабыл алды. Сапардын күнү дипломатиялык каналдар аркылуу такталат.

14-сентябрда Самаркандда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтчасында Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Өзбекстандын Транспорт министрлиги, Кытайдын Өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда «Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай» темир жолунун курулуш долбооруна кол коюлду.

115-16-сентябрь күндөрү Самарканд шаарында ШКУнун саммити өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM