Садыр Жапаров Кытайдын президенти менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Мамлекет башчылары кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Садыр Жапаров ынак коңшулукка, достукка жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кыргыз-кытай мамилелеринин мындан ары да өнүгүүсү эки өлкөнүн элинин кызыкчылыгына жооп берип, стабилдүү өнүгүүгө өбөлгө түзөрүн  белгиледи. … Читать далее Садыр Жапаров Кытайдын президенти менен жолугушту