Биз менен байланышыңыз

Жапаров Путин менен жолугушту

Кыска кабар | 15 Сен 2022 | 292 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында да жогорку динамикасы менен өзгөчөлөнөрүн белгиледи.

Ал Орусия салттуу түрдө Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин айтты. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында өз ара сооданын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе өскөн.

«Инвестициялык долбоорлор, анын ичинде Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ийгиликтүү жылып жатат. Бүгүнкү күндө фонд 440 миллион долларга жакын 3200дөн ашык долбоорду жактырды», — деди ал.

Кыргыз-орус кызматташтыгынын дагы бир приоритеттүү багыты гуманитардык тармак экенин белгилеп, Кыргызстандын аймагында орус тилинде окуткан мектептердин курулушу күтүлүп жатканын кошумчалады.

Владимир Путин Орусия менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөш жана бир катар регионалдык уюмдардын алкагында биргелешип иш алып барган союздаштар экенин белгиледи.

«Россия Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшү бойдон калууда. Өткөн жылы товар жүгүртүүнүн өсүшү байкаларлык болсо, быйыл көлөмү өсүүдө жана абдан жакшы темпте. Өткөн жылы ал 46,6% өскөн. Бул абдан жакшы көрсөткүч», — деди ал.

Путин орус тарап Кыргызстанга экономикалык колдоо көрсөтүүнү улантып жатканын жана өзгөчө кырдаалдар, табигый кырсыктарды жоюу жаатында техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Ал ушул жылдын июлунда орус өкмөтүнүн Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана тик учак техникаларын жеткирүү боюнча токтомуна кол коюлганын, бул максаттарга орус бюджетинен дээрлик 1,5 миллиард рубль бөлүнгөнүн билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM