Кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары тарабынан үчүнчү жолу ок атуу катталды.
Чек ара кызматы кабарлагандай, саат 15:08де Баткендин Паскы-Арык жерлигиндеги «Самаркандек» чек ара тозотуна тажикстандык чек арачылар ок чыгарды.
Кыргыз тарап жооп катары ок чыгарган. Саат 16:00гө карата ок атышуу токтотулду, абал чыңалган бойдон калууда.
Бүгүн саат 08:10дон баштап Баткен облусунун аймагында тажик тараптын чагымчыл аракетинен улам атышуулар маал-маалы менен орун алууда.
Саат 08:10до Булак-Башы аймагында, саат 14:00дө тажик тарап Как-Сай тилкесинде, ал эми саат 15:08де Паскы-Арык участкасында атышуу болду.