Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров ЖККУнун кезексиз сессиясына катышты

Кыска кабар | 14 Сен 2022 | 131 | 0

Президенти Садыр Жапаров 13-сентябрда армян тараптын демилгеси менен өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) видео байланыш форматындагы кезексиз сессиясына катышты.

Отурум армян-азербайжан чек арасындагы кырдаалга арналды.

Садыр Жапаров Кыргызстан ал үчүн эки дос мамлекеттин чек арасындагы кырдаалдын курчушуна тынчсызданып жатканын белгилеген.

Кырдаалды саясий-дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу зарылдыгын, эки тарап мындан ары да күч колдонуудан алыс болушу керектигин билдирген.

Ошондой эле, өз ара бардык пикир келишпестиктерди Армения менен Азербайжан ортосундагы ишенимди чыңдоо чараларынын негизинде тынчтык жолу менен чечет деген ишенимин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM