Биз менен байланышыңыз

Пенсияны жогорулатууга 4 млрд 424 млн сом керектелет

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Сен 2022 | 1942 | 0

Пенсиялык индексациялоого жалпы 4 млрд 424 млн 300 миң сом каражат керектелет. Бул тууралуу Социалдык фондунун башкармалыгынын мүчөсү, пенсияларды дайындоо жана кайра эсептөө башкармалыгынын башчысы Бактыгуль Ашималиева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ашималиева билдиргендей, пенсиянын базалык бөлүгүн төлөө үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнөт. Мына ошого байланыштуу пенсияны жогорулатууга республикалык бюджеттен 3 млрд 83 млн керектелет.

Ал эми камсыздандыруу бөлүгү пенсиялык фонддон каржылангандактан 1 млрд 341 млн сом акча керектелет.

Песияны көтөрүү чечими чыкканга чейин Социалдык фонд кошумча керектелүүчү акча булактарын аныктап, андан кийин гана пенсия көтөрүлгөн. Ошондуктан пенсиянын жогорулашы менен алдыда каржылык таңкыстык маселеси жаралбайт жана толук кандуу төлөнүп берилет.

Ашималиева: Пенсияларга орточо эсеп менен 2 миң сомдун тегерегинде кошулат

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM