Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Президент май иштетүүдө жергиликтүү сырьену колдонууну тапшырды

Кыска кабар | 12 Сен 2022 | 651 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө «Жалал-Абад май иштетүүчү заводу» ЖЧКсына барды.

Маалыматка караганда, май иштетүүчү завод көп жылдан бери токтоп турган. 2021-жылдын күзүндө ишкананы оңдоо жана калыбына келтирүү башталган.

Үстүбүздөгү жылдын март айында завод өз ишин баштаган. 2022-жылдын мартынан сентябрга чейин 900 тонна суу май өндүрүлгөн. Майды өндүрүүдө чет өлкөлүк сырье колдонулат.

Бүгүнкү күндө завод өзүнүн кубаттуулугунун 40% гана колдонот. Ошондой эле, компания пахтаны кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүүнү пландап жатат.

Президент өсүмдүк майын өндүрүүдө жергиликтүү сырьену колдонуу, заводду модернизациялоо жана өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорулатуу маселесине көңүл буруп, мамлекеттик органдарды бул иште компанияга жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM