Кыргызстанда 13-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,
Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +21…+26,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +22…+24 градус болот.