Биз менен байланышыңыз

Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Айсулуу менен Жоламан күчүн сынайт

Кыска кабар , Спорт | 12 Сен 2022 | 1320 | 0

Бүгүн, 12-сентбярда Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда грек-рим жана кыз-келиндер күрөшүнөн 4 топтом медаль ойнотулат.

Ошондой эле грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 4 салмак категориясында финалисттер аныкталат.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча, Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышат.

Ал эми коло үчүн күрөштө Тынар Шаршенбеков, Амантур Исмаилов, Бексултан Махмумов килемге чыгат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM