Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов: Кыргыз күрөш мектеби эмнеге жөндөмдүү экенин көрсөттүм

Кыска кабар , Спорт | 12 Сен 2022 | 622 | 0

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында балбан Акжол Махмудов алтын тагынды. Ал күрөштөн кийин Дүйнөлүк күрөш уюмуна кыскача маек берген.

Маекти Дене тарбия жана спорт департаменти инстаграм баракчасында жайгаштырды.

— Бул грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстан үчүн биринчи алтын. Сезимдериңиз менен бөлүшсөңүз.

— Менде элим үчүн биринчи алтын медалды жеңүүгө мүмкүнчүлүгүм болгонуна кубанычтамын жана бактылуумун. Үй-бүлөмө, машыктыруучуларыма, досторума ыраазычылык билдирем. Мен бул жеңишимди жалпы Кыргызстанга, элиме арнайм.

Өзгөчө белгилеп кете турган нерсе, жакында эле машыктыруучубуз Улук агайдын атасы каза болду. Бул жеңишимди ага арнагым келет. Ал мыкты машыктыруучуну тарбиялады. Улук агай мыкты машыктыруучулардын бири.

— Финалдык беттеш сиз үчүн кандай өттү? Сырттан караганда баары жеңил жана бат болгондой сезилди.

— Мен кечээ да айткам, кыргыз күрөшүнүн мектебин көрсөткүм келет деп. Мен көрсөттүм, жеңдим. Ага чейин атаандаашым менен жолугуп, экстремалдык кармашта утулуп калган элем.

— Сиз килем үстүндө жеңишиңизге абдан кубанганыңызды көрдүк.  

— Мен дайыма мындай жеңишти машыктыруучуларым менен бөлүшкүм келчү. Алар менин жеңишим үчүн көп эмгек жасашты. Машыктыруучулар болбосо мындай ийгиликке жетүү кыйын. Ошол үчүн бул жеңиш баарыбыздыкы.

Балбан Акжол Махмудов 77 кг салмакта финалда венгриялык Золтан Леваи менен күрөштү. Атаандашын 8:0 эсебинде жеңип, дүйнө чемпион болду.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 10-сентябрда башталган, 18-сентябрда аяктайт. Ага Кыргызстандын атынан 15 спортчу барган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM