Биз менен байланышыңыз

Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов финалда күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 11 Сен 2022 | 525 | 0

Бүгүн, 11-сентябрда кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт.

Акжол Махмудов 77 кг салмакта мелдештин 1/16 финалынан баштап катышты. Ал бразилиялык балбанды 11:1 эсебинде, андан кийин мексикалыкты 8:0 эсебинде утту.

Чейрек финалда түркиялык балбанды 9:7 эсебинде жеңип, жарым финалга өткөн. Жарым финалда кореялык балбан кармашып, аны 4:1 эсебинде жеңди.

Акжол Махмудов финалда венгриялык Золтан Леваи менен күрөшөт. Финалдык беттеш 11-сентябрда кечки саат 22:00дө башталат.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 10-сентябрда башталган, 18-сентябрда аяктайт. Ага Кыргызстандын атынан 15 спортчу барган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM