Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Британ ханышасынын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтты

Кыска кабар | 9 Сен 2022 | 414 | 0

Президент Садыр Жапаров Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу өлкөнүн жаңы падышасы Карл III көңүл айтты.

«Улуу даражалуу ханыша Елизавета II каза болгондугу тууралуу кабар Кыргызстанда терең кайгыруу менен кабыл алынды. Өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Ханыша Елизавета II ар дайым Улуу Британиянын мамлекеттик кызыкчылыктарына кызмат кылуунун жана өз элине камкордук көрүүнүн үлгүсү болуп кала берет. Ушул кайгылуу саатта королдун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана Улуу Британиянын бүткүл элине көңүл айтам», — деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 96 жашында дүйнө салды. Ал дээрлик 70 жыл Улуу Британиянын ханышасы болду.  Уионстон Черчиллдин өкмөт башчылыгы тушунда такка отурган. Эми монархиялык салтка ылайык анын уулу канзаада Чарльз мураскор катары Англиянын жаңы королу болуп жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM