Биз менен байланышыңыз

Бекназаров: Кызматтан бошотулушум Кумтөргө байланыштуу болду

Кыска кабар | 8 Сен 2022 | 494 | 0

Саясатчы Азимбек Бекназаров 8-сентябрда маалымат жыйын куруп, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан эмне себептен алынганын ачыктады.

Ал кызматтан оозеки аныктама менен эле бошотулганын, жүйөөлүү себеп жарлык менен көрсөтүлбөгөнүн айтты.

Бекназаров кызматтан кетүүсүнө Кумтөр маселесине байланыштуу берген маеги себеп болгонун билдирди.

«Кумтөр алтын кени нечендеген адамдардын тагдырына байланыштуу. Кумтөр маселесинде адам тагдыры, мамлекеттин тагдыры жатат. Мен азыркы бийликти мактап, колдоп, куттуктагам. 2021-жылы 16-майда кенди Центеррадан тартып алып, тышкы башкаруу киргизгенде. Бирок андан кийин эмне кылдык? Эми эмне кылып жатабыз? Өзүбүзгө өзүбүз тескери кылып жатпайбызбы. Миллиарддаган доону «Ормон опуза» деп койдук. Аскар Акаевге рахмат айтып, «ушунун жардамы менен чечтик» дедик. Акылбек Үсөнбекович «алар мурда эле кетебиз деп турган. Укуктук маселелер аксап жатат» деп айтты. Ошону мойнуна алып жатса, анда эмнесине мактанып жатат? Анда менин критикам туура эле болуп жатат да. Менин кызматтан бошогон – «Назарньюска» берген интервьюм туура чыгып жатат да. Ошондуктан Кумтөр маселеси дагы уланат» , — деди Азимбек Бекназаров.

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан быйыл 5-августта бошотулган. Ал бийликтин «Кумтөр» боюнча акыркы чечимин сынга алган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM