Биз менен байланышыңыз

«Кыргызалтындын» жетекчиси жана орун басарлары кызматтан кетти

Кыска кабар | 2 Сен 2022 | 1377 | 0

«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов жана анын орун басарлары отставкага кетти. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, «Кыргызалтын» ишканасынын өндүрүш жана чалгындоо иштери боюнча төраганын орун басары Амантур Турсуниязов,

-экономика, финансы жана инвестициялар боюнча орун басары Жеңиш Сейдалиев,

— уюштуруу иштери боюнча орун басары Данияр Конокбаев кызматтан кетти.

Башкармалыктын жаңы курамы тууралуу маалымат бериле элек.

Жарасул Абдураимов быйыл 11-апрелде «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM