Биз менен байланышыңыз

Бүгүн бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөтү аяктайт

Кыска кабар | 1 Сен 2022 | 344 | 0

Мамлекеттик салык кызматы бүгүн, 1-сентябрда транспорт, турак үй жана үй жанындагы жер участогуна салыкты төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү экенин эскертет.

Буга байланыштуу салыкты төлөй элек жарандар бүгүн салык милдеттенмесин аткарууга милдеттүү.

Салыкты банктардын кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM