Connect with us

Эгемендүүлүк күнүнө карата өзгөчө видео куттуктоолор

Кыска кабар , Саясат | 31 Авг 2022 | 936 | 0

Бүгүн, 31-август кыргызстандыктар таңды бирин-бири эгемендик майрамы менен куттуктодон башташты. Быйыл эгемендүүлүктүн 31 жылдыгына карата Чуңкурчак жайлоосунда 31 метрлик туу орнотулуп, Кыргызстандын туусун президент Садыр Жапаров көтөрдү. Президент мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда салтанаттуу өткөрүүнү салтка айлантуу ниети бар экендигин билдирип, бул элдин ынтымагын бекемдей тургандыгын айтты. Мындан сырткары президент өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн жасалып жаткан иштер тууралуу айытып берди.

Президенттин Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоосу (текст)

Чуңкурчак жайлоосундагы иш-чарага экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков дагы катышышты. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков жалпы кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктап, мамлекеттүүлүктү сактоого чакырды.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттүүлүктү сактоого чакырды

Мындан сырткары, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан,Тажикстан баш болгон бир катар өлкөлөрдүн мамлекет башчылары куттуктоо каттарын жөнөтүп жатышат.

Бир катар өлкөнүн президенттери кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Социалдык тармактарда эгемендиктин 31 жылдыгына арналган саясатчылардын, жарандык активистердин жана мамлекеттик кызматкерлердин посттору абдан көп чыгып жатат. Алардын ичинен эң өзгөчөлөнгөн видео куттуктоолорун сунуштайбыз:

Американын Кыргызстандагы элчиси кыргызстандыктарды кыргыз тилинде куттуктап, өлкөнүн мындан ары да өсүп-өнүгүшүн каалаган.

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилери да четте калбай, көпчүлүгү өздөрүнүн социалдык баракчалары аркылуу куттуктоо сөздөрүн айтышты. Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, биринчи жолу чет өлкөдө майрамдап жатканын белгилеген.

«Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен сиздерди чын жүрөктөн куттуктайм!
Бүгүнкүдөй куттуу күнү сиздерге чыгармачылык ийгилик, бакубат жашоо жана көптөгөн жакшылыктарды каалайм! Жакындарыбыз ар дайым жаныбызда болуп, үстүбүздө асманыбыз ачык болсун!», — деди ал.

Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы эмгек жамааты да мекендештерди бүгүнкү майрамы менен куттуктап, кыскача видео кайрылуу даярдашкан.

Жарандык активист Атай Бейшебек уулу Эгемендүүлүк күнү менен жалпы кыргызстандыктарды куттуктап, эркин, адилеттүү мамлекетти бирге курууга чакырып, Көз карандысыздыкты келечек муунга сактоого үндөп, кыздары менен мамлекеттик гимнди аткарып берген.

Марал радиосунун жалпы жамаатынын атынан дагы бир ирээт эгемендүүлүк күнүңүздөр менен куттуктайбыз!

Copyright © 2017 Maral FM