Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттүүлүктү сактоого чакырды

Кыска кабар | 31 Авг 2022 | 1685 | 0

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-августта Фейсбук баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды Эгемендик күнү менен куттуктады.

Жээнбеков өз куттктоосунда, бул күн — кылымдар бою күрөшүп жүрүп, эркиндикке жетип, мамлекеттүүлүк кайра жаралган күн экендигин белгилеген.

«Урматтуу мекендештерим, сиздерди Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктайм! Бул күн — кылымдар бою күрөшүп жүрүп, эркиндикке жетип, өз мамлекеттүүлүгүбүз кайра жаралган күн. Ата-бабаларыбыз мураска калтырып кеткен керемет жерибизге өзүбүз толугу менен ээ болгон күн. Тарыхы терең, көрөңгөлүү кыргыз калкым, көп улуттуу элибиз эгемендигин дүйнөгө жар салган күн», — деди ал.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле ар бир үйгө тынчтык, өлкөгө өнүгүп-өсүү, улуттар аралык ынтымак тилеп, мамлекеттүүлүктү бир үй-бүлөдөй сактоого чакырган.

«Коомдо ар кыл көз караштар, кайчы пикирлер болушу мүмкүн. Бирок мекенибиздин эгемендиги дегенде баарыбыз бир эл, бир журт катары чоң күчпүз. Тарыхтын татаал сыноолорун биримдик менен гана жеңдик, тоскоолдуктардан ынтымак менен өттүк. Мекенибиз бирөө – ал Кыргызстаныбыз! Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок!» , — деп айткан өз куттуктоосунда.

Copyright © 2017 Maral FM