Биз менен байланышыңыз

Бир катар өлкөнүн президенттери кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 31 Авг 2022 | 170 | 0

Кыргыз элин жана президент Садыр Жапаровуду Орусиянын резиденти Владимир Путин;

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев;

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев;

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухаммедов Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, өлкө башчылар Садыр Жапаровго чың ден-соолук жана ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалашкан.

Алар салттуу достук мамилелер жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтык мындан ары дагы өнүгүп, кеңейерине ишеним артышкан.

Белгилей кетсек, бүгүн 31-августта Кыргызстан Эгемендүүлүк күнүн белгилеп жатат. Өлкө 31 жылдан бери эл аралык коомчулукта эгемен өлкө катары, адам укугу, эркиндиги толук сакталган мамлекет катары таанылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM