Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен КМШ ардагерлеринин футболдук беттеши тең чыгуу менен аяктады

Кыска кабар , Спорт | 31 Авг 2022 | 468 | 0

Бишкек шаарында 30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгына карата кыргыз футболунун ардагерлеринин курамасы жана КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин курамасынын ортосунда футбол боюнча достук беттеш болуп өттү.

Ата мекендик команданын курамында президент Садыр Жапаров ойноду. Достук  беттеш 3:3 эсеби менен жыйынтыкталды.

Иш-чара ата мекендик эстраданын өкүлдөрүнүн, ошондой эле белгилүү «Город 312» тобунун ырлары менен коштолду.

КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин курамасынын катарында Ринат Дасаев, Дмитрий Аленичев, Александр Азимов, Егор Титов, Хорен Оганесян, Марат Кабаев, Мухсин Мухамадиев, Евгений Алдонин, Эрик Яхимович жана башкалар ойноду.

Ал эми Кыргызстандын ардагерлеринин курамасында Владимир Орешин, Закир Джалилов, Комол Тайчиев, Сергей Фокин, Нематжан Закиров, Ясын Мусаев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Сергей Лисичкин, Вячеслав Прянишников жана башкалар катышты.

Калыстар тобунда Равшан Ирматов, Бахадыр Кочкаров, Абдухамидулло Расулов жана Эмил Бусурманкуловдор болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM